Menu

Жылдыз Жолдошева: “Текебаевди көтөрүп чабарымда кыйкырып ийген…”

Бөлүшүү:

-Жылдыз Айтибаевна, гезитибиздин өткөн санында Өмүрбек Текебаевдин  «Келдибековдун сотунан кийин мыйзамдын да, абийиримдин да алдында көңүлүм ток» деген интервьюсу жарык көрдү. Буга эмне дейсиз?

-Текебаевдин абийири бар бекен? Ой тобо аны ким айтты силерге?

-Текебаев өзү айтты…

-Силер ошого ишенип алдыңарбы? Азыркы учурда Текебаевге бешикте жаткан бала да ишенбейт. Тапкан экенсиңер кимге ишенээрди. Керек болсо менин «досум» өзүнө-өзү да ишенбейт. Мындай кишилер өз фантазиясын каалагандай айтып да, жазып да бере берет. Ошондуктан мени «досума» таарынып да, ише­нип да болбойт.

-Берген интервьюсунда сиз жөнүнүндө да учкай ай­тып кетиптир. Келдибековду 2011-жылы ЖКнын төрагалыгынан четтетип жатканда, өз токтомун алдырып салгандыгы үчүн сиз кубанып кетип, аны белинен бек кучактап, так которуп, эки жолу айландырып, анан жерге койгон турбайсызбы?

-Текебаев эмне кыз бекен, анын белинен бек кучактай турган? Болгону эки эле жолу айландырып коюптурмунбу? Мына сага тамаша, «ишенбегиле» десем болбой эле ажобуз баш болуп, ишене бересиңер.

-Анда эмнеге айтып атат антип?

-Анда мен болгон чындыкты төррагалыктан кетирүү планын Текебаев төрагалыкка жетпей калган мезгилден баштап түзгөн, токтомун да токуган, бирок, Текебаев токтомун чакыртып алган эмес, Ахматбек Келдибековдун тегерегинде көрүп болбогондой интригаларды жасашкан (азыр­кы учурга чейин уланууда), ошондуктан Келдибеков өз арызын жазып кете берген, «мына ала бергиле, кимиңер болсоңор боло бергиле» деп. Ошол күнү Карганбек Самаковдун кабинетинде экөөбүз саясатчы катары ачык сүйлөштүк, мен айтып атам ага: «Өмүрбек, токтот, кыргыздын жаш, мыкты жигитгерин чекеден сындыргың келип турат, бул жакшылыкка алып келбейт, айрыкча Бакиевге бол­гон өчүңдүүкөлөрүңдөн чыгарып жатасың, кыйын экенсиң Бакиевди өзүңөр атайын качырып ийбестен, жазасын бербейт белеңер» деп. Ошондо «досум» чычалап кетти. Эмоцияга алдырып жиберди, ошондо менин ачуум келип кетип, колумдагы суу ичип жаткан стаканды дубалга бир чапканымда, Самаковдун кабинетинен качып чыкты. Кабылдамадан кармап алдым, беш-алты жигиттер туруптур (алар капысынан күбө болушкан, керек болсо тастыктап берээр), ошондо көтөрүп туруп бир чабайын десем, Теке­баев кыйкырып калды «омурткамда грыжам бар, операция болгомун, азыр бир нерсе болсом жооп бересин, Жылдыз» деп. Анан дагы өлөалбай жатып, тиги жигит терге кайрылып  коёт «бизди сүрөткө тез тарткыла» деп. Ошондо катуу бе­линен кысканымда, тагынып жүргөн пистолета, диктофо­ну, телефону белин жакшы эле оорутуп койгонун өзү ки­йин айтып жүрдү. Ошончо көтөргөндөн кийин, бир чапсам болмок экен, аттиң… Бирок чынында эле ден-соолугуна чоң зыян болушу ыктымал эле. Дагы эмнелер жөнүндө жазыптыр?

-Абийир, мыйзам, салт, жүрүмм-турум, этика, мамлекеттүүлүк, душмандык кылбоо, адамдын башына иш түшүп турганда табалообо, ыйык нерселер, моралдык кодекстер, адамгерчилик, пастык ж.б. у. с.

-Башка бирөө жогорудагыларды жазса, коомчулук балким кабыл алат беле, тилекке каршы, Текебаевдин морал­дык кодексин, анын «адамгерчилигин», жүрүм-турумун, душмандык кылганын, башы­на иш түшүп турган адамды тебелеп кетээрин, керек бол­со пастыкка бараарын бүтундөй калайык калкыбыз билет. Ошондуктан дагы бир жолу элибизге кайрылып кетем «Текебаевге ишенбегиле!» деп. Кыргызда келме-кезек деп коёт, аз эле убакыт калды Те­кебаев да Келдибеков жана башкалар керген азап-тозокту керет, түрмөгө да отурат, соттун, элдин алдында да сөсүз жооп берет.

Бекбол АЙДАРОВ

Булак: “Азияньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: