3-мартта Ош облусунун дин кызматкерлери желек жана ак калпак күнүн белгилешти. 3-март КРнын Туусунун кабыл алынган күнүнө жана 5-март ак калпак күнүнө карата Ош облустук казыятынын кызматкерлери, райондук баш имам хатибдер жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрү Ош шаарынын түштүк чыгышында жайгашкан ОшМУнун теолгогия факультетине зыярат жасаганча чейрек чакырымга жөө басышты. Бул Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы тууралуу билдирди.
Аталган мамлекеттик маанидеги иш-чара боюнча Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев катышуучуларга баян жасап, ар бир жаран мекенге болгон сүйүү, улуттук баалуулуктарга болгон сый урматка чоң маани берүүсү керектигине токтолду.
Эскерте кетсек, Ош облусундагы дин кызматкерлери 5 -март күнү жалпы республикалык масштабдагы ишембилик күнү ак калпак кийип, тазалык иштерин жүргүзүшмөкчү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ