Menu

«Сен сүйгөн кыргыз макалы» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды

Бөлүшүү:

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Сен сүйгөн кыргыз макалы» аттуу студенттер жана окуучулар арасында уюштурган эссе жазуу сынагын жыйынтыктап, жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы сынактын жеңүүчүлөрүн жана мугалимдерин кызуу куттуктап, жигердүүлүк менен бир нече баскычтардан өтүп, республикалык сынакка катышкан окуучулардын, студенттердин эмгегин жогору баалады.

Калыстар тобунун мүчөлөрү А.Муратовдун ,С.Рысбаев, А.Молдоканов, З.Ажыматов, Ж.Абидетегин, М.Токторовдор бир ооздон катышуучуларга мындан аркы дагы ийгиликтерди каалоо менен сөздүн гүлү болгон макал-лакаптардын маанисин терең түшүнүп, жашоодо колдоно билүү – туура жолго түшүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

Сынактын жеңүүчүлөрү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын дипломдору жана баалуу китептери менен сыйланышты.

Ал эми жеңүүчүлөрдүн эсселерин басма сөз каражаттары аркылуу жарыялоо улантылмакчы.

Жалпысынан сынакка келген 125  катышуучунун 41и жогорку окуу жайлардан , ал эми калган  84ү мектеп жана кесиптик окуу жайлардан  болгон.

Сынактын жеңүүчүлөрүн эсиңиздерге сала кетсек:

Баш байге – Медербек уулу Адилет, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектебинин 9-класстын окуучусу;

Мектептер боюнча

1-орун: Кабылбекова Даткайым, Кочкор районунун Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин 10-класстын окуучусу;

2-орун: Күмүшбекова Сезим, Жайыл районунун А.Күрүчбеков атындагы орто мектебинин 10-класстын окуучусу;

3-орун: Игамбердиева Мухлиса, Ош шаарынын №21 А.С. Пушкин атындагы гимназия-мектебинин 9-класстын окуучусу.

Кызыктыруучу сыйлыктарга: Тыныбек кызы Диана – Талас облусунун Кара-Буура районунун Ч.Айтматов атындагы орто меткебинин 10-класстын окуучусу; Казакбаева Саадат – Кемин районунун Б.Солтоноев атындагы Тегирменти орто мектебинин 9-класстын окуучусу; Пазылбек кызы Аида – Жайыл районунун Полтавка орто мектебинин 10-класстын окуучусу; Майрамбекова Гүлшара – Жайыл районунун Т.Кожомбердиев атындагы орто мектептин 11-класстын окуучусу.

Жогоркуу окуу жайлар боюнча:

1-орун: Канатбек кызы Өмүргүл, Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин 1-курстун студенти;

2-орун: Үркүнбай кызы Таттыгүл, Ош мамлекеттик университетинин орус филология факультетинин 1-курстун студенти;

3-орун: Бакыт кызы Фатима, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 1-курсунун студенти.

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктарга татыгандар: Асаналиева Саткынбүбү – К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти, Эркин уулу Баяман – КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти, Жумабекова Жылдыз – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти, Аскарова Жибек – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: