Menu

Рита айым “маданият жана тарых” жылына карата иш-чараны үзгүлтүккө учурата жаздады

Бөлүшүү:

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин “2016-жылды Тарых жана маданият” жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгынын урматына Түп райондук маданият бөлүмү “Элимдин тынчтыгы, маданияты жана тарыхы” аттуу иш чарасын ушул жылдын 13-февралында өткөргөн. Иш-чара элдин демилгеси менен райондук деңгээлде өткөрүлүп, өз баасына татыган.

Алгач мектеп окуучулары “Элимдин тынчтыгы жана маданияты, тарыхы” деген темада дилбаяндарын жазышып, сүрөттөрдү тартышкан. Эң мыкты деп аталган эмгектер өзгөчө белектер менен сыйланышкан.

13-февралда Түп райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында иш-чара өткөрүлүп, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынан дагы атайын коноктор чакырылган.

Бирок, бул иш-чара өткөрүлөрүнө  эки-үч күн калганда Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита БОРБУКЕЕВА  иш чаранын сценарийин атайын суратып алып, иш-чараны уюштуруучуларын чакыртып, сценарийдин ар бир тамгасына чейин текшерип, “эмне үчүн бул мындан кийин сүйлөйт, эмне үчүн мени менен кеңешпейсиңер? Тынчтык деген сөздү эмнеге кошосуңар? Силер жарлыкты бурмаладыңар”- деп кыжырланып, аларды каалагандай тилдеген экен.

Анысы аз келгенсип, уюштуруучуларды сыртка чыгарда, милицияга кол баштыктарын аңтартып, чектен ашкан мамиле жасаптыр. Айтор, Рита айым айрымдар менен кайым айтышып, өткөрүлүүчү иш-чаранын сценарийинен мас адамдай кынтык издегенин биз өз кулагыбыз менен угуп, айран калдык.

Ошентип, президенттин “тарых жана маданият” жылына карата уюштурулган саамалык Рита айымдын жөнү жок аракеттеринен улам аз жерден өтпөй кала жаздаптыр. Атүгүл, иш-чара өткөрүлгөндөн кийин да мени жакшылап сыйлабайсыңар дегенчелик кылып зиркилдегенин айтып күбө болгондор күйүп-бышат.

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: