Menu

Медакадемиянын аппарат жетекчиси өз ажалынан кеттиби же “жардамдашкандар” болгонбу?

Бөлүшүү:

25-февраль күнү УКМКнын 12 кызматкери медициналык академиянын имаратына кирип келишип, ал жерде аппарат жетекчиси болуп иштеген Абдикарим Гапаровду кармамакчы болушкан. Ага Епифанов аттуу жарандын арызы негиз болгон имиш. Чекисттердин коомчулукка түшүндүрмүсүнө караганда 24-февраль күнү Е.В. аттуу жаран кайрылып Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынында аппарат жетекчиси болуп иштеген А.Гапаров аттуу жаран андан 30 миң сом пара сурап жатыптыр. Себеби: Е.В. медакадемияга тиешелүү жерден участок алып, соода павильонун орнотуп жан бакмак экен. Бирок, А.Гапаров аны кайра-кайра чакырып талап кыла берген имиш. УКМКнын 12 кызматкери медакадемиянын бир да кызматкерин күбө катары чакырып катыштырбастан, тескерисинче аларды ишке алараштыруудан качып турушкан. УКМКнын оперлери жана тергөөчүлөрүнөн турган 12 адам бир сааттан ашык убакыт А.Гапаровду өз кабинетинде жабык эшик артында кармап сурак кылышкан. Натыйжасында, А.Гапаров сурак учурунда каза болуп калган.
АКИпресс агенттигинде өткөн жыйында маркум Абдикарим Гапаровдун жакындары жана жактоочусу Номанжан Аркабаев иш жагдайы таптакыр башкача болгонун колдорунда турган документтердин негизинде далилдеп беришти:

  1. УКМКга арыз жазып кайрылды делген, 17.04.1987-ж.т. Епифанов Вячеслав Игорьевич аттуу жаран тууралуу Мамкаттоо кызматынын тутумунда турган «Адресное бюродон» алынган маалымат боюнча бул адам Кыргызстанда жашап туруп, 2010-жылы Россия Федерациясына кетип калган. Албетте, бул да мамлекеттик органдардан алынган расмий маалымат. Муну азырынча эч ким төгүндөй элек. УКМК кандай жооп даярдайт экен, күтө туралы!
  2. Беш күндөн бери УКМК кызматкерлери В.Епифановдун жазган арызын маркумдун жактоочусуна көрсөтпөй жатышыптыр. Эмне себептен? В.Епифанов Россияда жашаса башка Кыргызстанда жашап жаткан «Епифановду издеп таппай жатышабы? Ал арызды көрсөрүп коюуда эч кандай мыйзам бузуу болбойт. Анын мамлекеттик жашыруун сыры деле жок. Анда чекисттер эмнени ойлоп таппай жатышат?
  3. Мыйзам боюнча шектүүнү кармоодо ишке кызыкчылыгы болбогон адамдарды күбө катары чакырып, алардын катышуусунда гана тинтүү иштерин жүргүзүү керек.
  4. Эмне себептен А.Гапаров жүрөгүнөн кыйналып жатса 12 чекисттин бири да тез жардам машинасын чакырган эмес. Тез жардам кызматынан алынган расмий маалымат боюнча тез жардам машинасын медакадемиянын биринчи кабатында турган күзөт кызматкерлери чакырышкан.
  5. Эмне себептен А.Гапаровдун кабинетиндеги жаңы креслолор сынып, анын көйнөгү айрылып, кол саатынын боосу үзүлүп бир жерде жатса, мойнундагы галстугу чечилип башка жерден табылып жатат. Ал гана турсун бут кийиминин бир түгөйү да башка жерде жаткан. Кылмыш ишин иликтөөдө эң биринчи окуя болгон жерге көңүл бурулат эмеспи. Эми бул фактыны чекисттер сыйкырлуу жол менен жок кылып жибербестир?!
  6. Эмне себептен ьез жардам машинасы А.Гапаровго жардам көрсөтүүгө келген учурда УКМКнын 12 кызматкери тең качып кетишкен. Жок дегенде тергөөчү ошол жерде туруп, окуя кандай болгонун айтып барип турса болбойт беле?
  7. Маркумдун жакындарынын (уулунун, бир тууган агаларынын) айтымында А.Гапаров ошол күнү тойго бармакчы болуп, салтка ылайык кошумча кошмокчу болуп үйдөн акча алып кеткен. Бирок, ал акчалар да маркумдун жанынан табылган эмес. Айтмакчы, «портмонеси» да чөнтөгүндө эмес, башка бурчта ачык чачылып жаткан. Эмне болгон, биздин чекисттер ушунчалык төмөнгө түшүп, адамдык сапат дегенден кур-жалак калып жатышабы?

Уланта берсек мындай суроолор дагы көп. Бүгүн ушуну менен эле токтото туралычы. Маркум Абдикарим Гапаровдун табышмактуу өлүмүнө байланышкан дагы далай макалалар жазылып, журналисттик иликтөөлөр жүрөөрү боло турган иш.

Мухтар ЖАРКУЛОВ
Булак: “Искра”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: