2018-жылдын 27-ноябрында Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасында Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо учурундагы каржылык маселе боюнча билдирүүсү жарык көргөн.
Аталган билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн алдына ала тергөө ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, республиканын шаардык, облустук жана райондук шайлоо штабдарынын башчылары жана кызматкерлери суралган.
Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу өлкө аймагынан чыгып кеткен. Кайтып келгенде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кзматына түшүнүк берүү үчүн чакырылып, андан соң кортунду чечими кабыл алынат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ