Menu

“Чыгармачылыкта чек ара дагы, чек дагы болбойт”

Бөлүшүү:

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, КРдагы Түркия Элчилиги, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фонду жана Түрк коомчулугу биргеликте Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” аттуу китебинин түрк тилиндеги чыгарылышынын жана Юнус Огуздун “Темирлан” тарыхый романын кыргыз тилиндеги чыгарылышынын бет ачары өткөрүлдү.

Иш чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Э.Эрматов “Мухаммед пайгамбар” дастанын жазуу үчүн 14 жыл даярданып, 3 жылда жазылып бүткөнүн билдирди.

Китептин бет ачар аземине катышкан КР Жогорку Кеңешинин депутаты  Т.Зулпукаров, КР Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов, КР Тышкы иштер министрлигини статс-катчысы Д.Сыдыгалиев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлү Х.Х.Илмас, Азербайжан мечитинин ахунду И.Раджиев, Ислам университетинин ректору, Кыргызстан аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, акын, котормочу М.Асаналиев ж.б. куттуктоо сөзү менен бирге кыргыз-түрк достугун бекемдөөгө өбөлгө боло турган чоң иш-чара болгондугун, Пайгамбар туурасында алгачкы ирет ыр менен жазылган көлөмдүү чыгарма экендигин бир ооздон белгилешти.

КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты А.Рыскулов чыгармачылыкта чек ара дагы, чек дагы болбостугун баса белгилөө менен, Маданият жана тарых жылынын алкагында жакшы саамалык болгонун айтып өттү.

Иш чаранын соңунда эки автор жалпыга ыраазычылыгын билдирип, Э.Эрматов Юнус Огузга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасын тапшырды.

Эске сала кетсек, 2001-жылы жарык көргөн “Мухаммед пайгамбар” дастаны 2016-жылдын февраль айында Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо Фондунун тапшырыгы менен которулуп, басылып чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: