Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаевди бычактаган жубайы Бурулсун камакка алынды. «Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен Свердлов райондук ИИБ кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жубайы К.Б. кармалып, камакка алынды» дейт Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз катчысы Мира Абдулдаева. Сарчаевге операция жасалып, учурда бейтапканада. Эске салсак, Нурлан Сарчаев Жайыл РИИБда Бурулай Турдалиеванын өлүмүнөн кийин ээлеген кызматынан бошотулган болчу.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ