Menu

Журналист Дайырбек Орунбеков анын артынан мыйзамсыз аңдып жүрүшкөн милиционерлердин үстүнөн прокурорго арыз жазды

Бөлүшүү:

“Бүгүн, 22-августа Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуроруна 18-19-август күндөрү мыйзамсыз мага карата аңдуу кылып, маалымат топтогон укук коргоо органдарынын кызматкерлерин үстүнөн арыз жаздым. Арызда, алардын кандай максатта аңдыганын, мага карата аңдуу боюнча ким буйрук бергенин, эгерде буйруксуз бандиттик ыкма менен гана аңдыганы такталса, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү сурандым”, – деп билдирди Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине журналист Дайырбек Орунбеков.

“Арызды бүгүн кабыл алышты, эми канчалык деңгээлде мыйзамдуу жана обьективдүү баа берилерин убакыт көрсөтөт. Укук коргоо органдарынын санкциясы жок аңдуусу, турак жайыма түнү кирип келүүсү Башмыйзамдын 29-беренесин бузган. Кызмат абалынан кыйанаттык менен пайдалангандыгы үчүн алар мыйзам чегинде жазаланышы керек. Бүгүн, булардын аша чапкан мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа берилбесе, эртең мындан да ашкан аракеттерге барышат. Башкача айтканда мага жана жакындарыма кол салып же жалган жалааларды уюштурушу мүмкүн. Булардын аракетин түздөн түз коркутуу, психологиялык басынтуу деп эсептейм. Салыштырып айтканда, убагында Медет Садыркуловго укук коргоо органдары адамдын кесилген кулагын, сөөмөйүн берип кеткен окуяга үндөшөт. Бул окуя да ошол сыяктуу аракеттин бир көрүнүшү”, – дейт Орунбеков.

Дайыр Орунбековдун арызы

Дайыр Орунбековдун арызы2

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: