Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Дастан Жумабеков ЖКнын кезектеги жыйында билдирди.
Анын айтымы боюнча, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу, парламенттеги жыйындан кийин көпчүлүк коалициясы алардын ордуна талапкерлерди карайт.
Алдын ала маалыматтар боюнча, вице-премьерлик кызматка депутат Аида Исмаилова дайындалышы мүмкүн. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, азырынча ал бул кызматка жалгыз талапкер.
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгына ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев таажывируска каршы күрөштөгү шалаакылыктары үчүн кызматтарынан бошотулган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ