Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында Нарын дарыясынын кооптуу участкаларына, канал бойлоруна, чоң арыктарга эскертүү тактайчалары орнотулду. Күн ысыган мезгилдерде кооптуу аймактарга сууга түшүүгө болбой тургандыгы шаар тургундарына эскертилип, жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлгө алып туруу керектиги белгиленди. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Мындан сырткары милиция кызматкерлери короновирус илдетинин жайылышын болтурбоо үчүн жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырышты. Ошондой эле беткабы жок жүргөндөргө беткап таратылып, негизсиз көчөдө жүрбөө керектиги айтылды.
ШИИБ тарабынан бир топ алдын алуу иштери жүргүзүлүп, анын алкагында себеби жок көчөдө жүргөн өспүрүмдөр милиция бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелерине эскертүү берилип кайра коё берилди. Милиция кызматкерлери учурда сабактар дистанттык негизде өткөрүлүп жаткандыктан ата-энелерди өз балдарын үйдө кармоого чакырышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ