Menu

Мамбетжунус Абылов: Эски гвардиянын максаты – Сооронбай Жээнбековду бийликтен кулатып, анын ордуна өздөрүнө ийкемдүү инсанды алып келүү

Бөлүшүү:

– Бишкектеги жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо учурунда жасалган былыктардын бети ачылып, Атамбаевдин лөктөрү камакка алынды. Муну карапайым эл жылуу кабал алганы менен кээ бирөөлөр “саясый куугунтук”деп атоодо. Сиздин пикириңиз кандай Мамбетжунус мырза?

– Бул саясый куугунтукка жатпайт. Себеби өзүн жамандаган же жактырбаган инсандарды, так айтканда, өз оппонентерин С.Жээнбеков куугунтукка алган жок. Ал бар болгону четтен келген каражаттарга Атамбаев доорунда кол салган коррупционерлерге гана кылмыш иш ачканга мүмкүнчүлүк берди. Алардын кимиси таза болсо акталып, таза болбосо жазага тартылып, уурдаган акчасын кайра казынага төлөп бериши керек. Эгер андай болбосо, миллиардап карызга алынган ал акчаларды эл төлөп калат. Байкасаңыз, саясый куугунтук деп бүгүн айтып жаткандар, кечээ эле өздөрү Атамбаевди саясый куугунтук жасоого түрткөн инсандар. Ошолордун кесепетинен Атамбаевге каршы сүйлөп чыккан Ө.Текебаев, К.Исаев, Б.Талгарбеков, Б.Асанов, Э.Карыпбеков, К.Кадыров жана башкалар бүгүн күнү да бейкүнөө абакта отуршат.

– Анда эмне үчүн Атамбаевдин өзү да учурдагы камоолорду “саясый куугунтук” деп жатат?

– Кыргызда “уурусу күчтүү болсо, мал ээсин доого жыгат” деген сөз бар. Ошо сыңары, С.Жээнбековду доого жыгам деп Атамбаев бет тырмачылык кылып жатат. Себеби “мен жакын, алысына карабай коррупционерлер менен айоосуз күрөшөм”- деп С.Жээнбеков ачык жарыялагандан кийин, орустар айткандай, Атамбаевдин жакындарында “на воре шапка горит” деген кырдаал пайда болду. “Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт”- дегендей, булардын өлкөнү тоноп жегени күндөн күнгө айкын болууда. Бүгүн тергөөдө сурак берип, ушу сагызгандар “сот кандай өкүм чыгарат?” деп эртеңи үчүн сарсанаа болуп отурган чагы. Ошолордун ичинен айыбы ачылып калгандарын Атамбаев колдомуш болуп, бүгүн саясый куугунтук деп жатат. Эгер ал үн катпай койсо, бизди салып берип унчукпай отурат деп, алар Атамбаевдин өзүнө көрсөтмө бериши бышык. Себеби алар Атамбаевдин макулдугу жок мындай былыктарга барбай турганы бештен да белгилүү.

– Булардын бүгүн кандай максаты бар деп ойлойсуз?

– Булардын максаты бирөө эле. Жоопкерчиликке чалдыкпай, элди тоноп жеген акчаларын сактап калуу. Муну ишке ашыруу үчүн буларда бир гана жол бар. Ал жол С.Жээнбековду бийликтен кулатып, анын оордуна өздөрүнө ийкемдүү инсанды алып чыгуу. Себеби өз партиялаштарына кылмыш иш козготуп, С.Жээнбеков бүгүн, булардын пикири боюнча, өзүн бийликке алып чыккан саясый күчтөн ажырап калды. Ошондуктан эл ичинде С.Жээнбековго наразычылыкты күчөтүш булар үчүн чоң максатка айланды. Муну чү дегенде, өзүңүз билесиз, “иниси Асылбек депутаттыктан кетсин” деп алар баштаган. Бүгүн болсо “С.Жээнбеков саясый куугунтук жүргүзүп жатат”- деп ар кандай саясый, коомдук күчтөр менен ымалашуу жолун издеп жатышат. Себеби С.Жээнбековдун бүгүнкү өкмөтү, аны тергөө, сот амалдарын жүргүзүп жаткан адамдары, чынын айтыш керек, биздин өлкөдөгү саясый жана коомдук күчтөрдүн купулуна толбой турат. Андан сырткары С.Жээнбеков коомдук күчтөр менен диалогко барбай, аларды да өзү четтетип жатат.

– Өлкөдө революциялык кырдаал жаралса дайыма “балта сап” ролун ойноп; “бульдозер”атка конгон А.Бекназаров да өткөн жумада “дагы революция болушу мүмкүн” деп добулбас какты. Өткөн жумада Атамбаев да “бир бололу”деген ураан менен өзүнүн офисинде Чүй өрөөнүнүн өкүлдөрү менен жолукту деп массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Айтыңызчы, өлкөдө кооптуу кырдаал кайра жаралып жатабы?

– Коопту кырдаал жаралган жок, бирок кооптуу кырдаал жаралганга шарт түзүлүп жатат. Ошондуктан өздөрүн Сары өзөн Чүйдүн кулундарыбыз деп атаган кээ бир трайбалисттер С.Жээнбековдон чоң, чоң кызмат сурашып, “эгер биздин талапты аткарсаң, биз Атамбаев тарап эмес, сен тарап болуп беребиз”- деп ачык соодалашып жатышат.

– Кооптуу кырдаалга шарт түзбөш үчүн С.Жээнбеков эмне кылыш керек?

– Акыйкат биздин өлкөдө “көздүн карегиндей” таза сакталышына С.Жээнбеков президент катары элге кепил болуп бериши керек. Ошондо гана анын айткандарына эл ишенип, өлкөнүн тергөө, сот органдары чыгарган чечимдерин эл тааныйт. Мисалы ЖЭБди модернизациялоодон келип чыккан былыктарды тергөөдө сотто айыбы такталган инсандар гана жазаланыш керек. Ал эми ЖЭБди модернизациялоо процессине катышууга мажбур болгон, бирок акча уурдаганга тийешеси жок адамдардын жазага тартылбашын С.Жээнбеков камсыз кылып бериши керек. Мен муну жөн эле айткан жерим жок. Күнөөсүз адам, эгер күнөөлүүлөр менен кошо жазага тартылса, же жазалана турганын алдын ала туйса, ал адам айласы жок “С.Жээнбеков саясый куугунтук жасап жатат”- дегендердин катарына кошулууга мажбур болот.

– Ким күнөөлүү же күнөөсүз женин сот гана аныкташ керек да. Туурабы?

– Туура. Адилетүү же адилетсиз болсо да биз соттун чечимине баш ийишибиз керек. Бирок кечээ эле буйрутманы аткарып көнгөн соттор, бүгүн адилетүү ипггеп калаарына президент С.Жээнбеков ишенбеш керек. Коомчулукта реозонанс жараткан кылмыш иштер сотто каралып жатканда, ошондуктан президент көз кырын салып турушу абзел. Мен муну жөн эле айтып жаткан жерим жок. ЖЭБ боюнча коррупциялык схема түзгөн, ал схеманы ишке ашырууга көмөктөш болгондор гана жазага тартылышы керек. Мисалы, төмөнкү фактылар ЖЭБдеги былыктарга ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес экеңин тастыктап турат:

1. ЖЭБди модернизациялоонун демилгечиси “Электр станциялар” АКнун башчысы С.Авазов болгон. Анын энергетика министири А.Калманбетовго, Президенттик аппараттын бөлүм башчысы С.Исаковго жолдогон каты буга далил.

2. Энергетика министринин “Электр станциялар” АКнун башчысы С.Авазовду кызматка коюуга же кызматтан четтетүүгө укугу болгон эмес. Андай укук мамлекеттик фонддун жетекчисинде гана болгон.

3. Бул долбоордо энергетика министирлиги колдоно турган жабдыктардын техникалык, коопсуздук, параметрлерин тактап бериш үчүн гана экспертгик милдет аткарган. Ошондуктан кайсы компания менен, канча каражат менен бул долбоорду ишке ашыруу маселесин Энергетика министрлиги чечкен эмес. Мунун туура экенин тастыктап, Кытайдын Эксимбанкынан канча суммадагы кредит алууга премьер-министр Ж.Сатыбалдиев, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимге “Электр станцияларынын” башчысы С.Авазов кол койгон.

5. Келишим түзүлгөндөн кийин, Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна “Улуттук Энерго Холдинг” жаралып, ага энергетика министиринин орун басары болуп иштеген А.Калиев жетекчи болуп, ал ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн 600 долларга бирден кычкач сатып алып отурган.

Көрдүңүзбү, энергетика министри болуп иштешкен А.Калманбетов да, О.Артыкбаев да бул долбоор тууралуу демилге көтөргөн эмес. Алардын экөө тең кредит алганга да, бөлгөнгө да катышкан эмес. Алардын экөө тең Кытайдын ТВЕА компаниясын бул долбоорду аткарууга сунуштаган эмес. Экөөнүн тең “Электр станцияларынын” башчысын кызматтан алууга укугу болгон эмес. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн экөөнүн тен бир жерде коюлган колдору жок. Мен тергөө менен кызматташам дегенине карабай, анда эмне үчүн О.Артыкбаев камакта отурат? Эгер президент С.Жээнбеков буга көз кырын салбаса, О.Артыкбаев жазага тартылып, “көздүн карегиндей” таза сактала турган адилетүүлүк кайра бузулуп калышы ыктымал. Накта коррупционерлер О.Артыкбаевдин камалышын ошондуктан самап жатышат. Себеби күнөөсү жок болуп туруп О.Артыкбаев сот жазасын алса, ал саясый куугунтуктун жабыркоочусу болуп, Атамбаевдин айткандары чын турбайбы деген элде пикир жаралат.

– Эгер тергөө, сот органдары акыйкатсыздыкка жол беришсе, күзүндө саясый кырдаал кайра курчуйт дел айткыңыз келип жатабы?

– Атамбаев буга кызыкдар экенин бугүн элдин баары билет. Себеби ЖЭБдеги жана дагы башка долбоорлодон айкын болуп жаткан былыктардын баары анын адамдык да, саясый да беделин түшүрүп, бара-бара аны элдин жек көрүндүсүнө айлантат. Ошондуктан бийликке умтулган кандайдыр бир коомдук күчтөргө, ал өзүнүн эбегейсиз көп акча каражаты менен күзүндө көмөк көрсөтүүгө далалат кылышы мүмкүн. Анын өзүндө эле эмес анын, камакта отурган ууру жан-жөкөрлөрүндө да акча каражаты самандай сапырылып турганын С.Жээнбеков унутпаш керек.

М.Боромбаев

Булак: “Элньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: