Menu

Азербайжан Куралдуу күчтөрүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасында болуп, Азербайжан Армиясынын 100 жылдыгына байланыштуу өткөрүлгөн аскер парадына катышты. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – республиканын Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдеттерин аткаруучу Ремиз Мехтиев менен жолугушту.

Жолугушууда кызматташтык маселелери жана Азербайжан Президентинин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапары талкууланды.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, анда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда эл аралык терроризм, экстремизм көрүнүштөрүнө, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл маалыматтарды алмашуу маселелери каралды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: