Улуттук университеттеги проректор, башкы эсепчи катышкан коррупциялык иштерден соң ректор Чынара Адамкулова далбастап, окуу жайдагы декан, кафедра башчысы баштаган өңчөй өздүк адамдарынан турган топко кол койдуруп, ордун сактап калууга жандалбастап жатканы кандай?
Кол алдындагы бакандай жетекчилери жүз миңдеген шектүү иштер боюнча бьшыгы билинип жатса, кызматтан кетип калбай, университетке жабылган көөнү сүрүш үчүн өзүн болушунча маалымат каражаттары аркылуу мактатканын кандай түшүнөбүз?
Улуттук окуу жайдагы каржылык көз боемочулукка жандары кашайган бир топ активист студент, мугалимдерден куралган жоон топ жакында университет жетекчилигин тез арада кызматтан шыпыртуу идеясы менен өлкө башчысына дейре кайрылуу катары чыгышаары каңкууланууда. Мындай шартта жалгыз гана ректорду эмес, ошол жердеги юрфак, экономфак, инфак, матфак өңдүү «жирный» факультеттерди жыртып бүткөн факультет башчыларынын да кызматтык милдеттерин карап көрүү ашыктык кылбайт. «Зордун түбү кор» дейт. УКМК алдындагы АКС башчысы Бекенбай Казаков студенттердин ырыскысынан акча жасаган универ жана жогорудагы факультет жетекчилеринин артынан сая түшсө, тез эле кылтакка илип чыгат беле?..
Булак: «АЗИЯnews»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ