10-март күнү кечки 18-00дө коңшулаш Ош областынын Өзгөн районунун аймагынан экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын областтык мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Жалал-Абаддан 30 тонна жер семирткич жүктөлгөн 40 тонналык фура жүк машинасын кармашкан деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Сузак районундагы Сузак айыл аймагынын тургуну, 1970-жылы туулган Икрам Нажимидинов 30 тонна аммиачный селитрасын өзүнүн карызын төлөө үчүн Өзгөнгө алып бараткандыгын мойнуна алган.
– Жалал-Абад областынын дыйкандары менен фермерлерине КРнын Өкмөтү тарабынан Өзбекстан Республикасынан арзан баада келген 30 тонна аммиачный селитира Өзгөн районуна сатууга алынып бараткан жеринен кармалды. Жалал-Абад областынын дыйкандарына келтирилген бул жер семирткич максатсыз максатта башка аймакка чыгарылып бараткан жеринен кармалды,- деди ЭКККМКнын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын ыйгарым укуктуу кызматкери, финполициянын капитаны Максат Матаев.
Жалал-Абад областына КРнын Өкмөтү тарабынан Өзбекстан Республикасы менен түзүлгөн атайын келишимге ылайык арзан баада 40 миң 200 кг. аммиачный селитира менен карбамид жер семирткичтери сатылып алынган. Анын алгачкы партиялары Жалал-Абад областына темир жол аркылуу келтирилип, Жалал-Абад шаарындагы «Азрет аюб» ишканасынын кампасына түшүрүлгөн. Аны район-шаарлардын дыйкандары менен фермерлерине максаттуу сатуу милдети материалдык резервдер мамлекеттик ишканасынын областтагы өкүлүнө милдеттендирилген. Өзбекстандан сатылып келинген жер семирткичтер: аммиачный селитиранын бир кг. баасы 16 сом 60 тыйын, ал эми карбомид 18 сом 80 тыйындан сатуу баасы бекитилген. Азыркы учурда Өзгөн районунун аймагынан кармалган Жалал-Абад областына таандык 30 тонна жер семирткич боюнча иликтеп-текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Жолдошбай Осмонов, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ