Жекшембинин кечинде Түркиянын баш калаасы Анкарада болгон жардыруу 30дан ашуун кишинин өмүрүн алды. Жарадарлардын саны 125ке жеткени кабарланууда.
NTV каналы тараткан маалыматка ылайык, жардыруу Ататүрк бульварындагы гүлбакчанын жанындагы бир катар аялдамада болду. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Калаба болгон жер коопсуздук күчтөрү тарабынан курчалып, ал жерде бир нече автоунаа күйүп жатканы айтылууда.
Түрк премьер-министри Ахмет Давутоглу өкмөттүн шашылыш жыйынын өткөздү.
Жергиликтүү бийлик окуяны теракт деп атап, бир ай мурда Анкарада болгон кандуу окуяга окшоштугун айтууда. Ал тапта түрк бийликтери Анкарадагы жардырууну маалымат каражаттарында чагылдырууга чектөө киргизди.
Бир ай мурда Анкарада уюштурулган террактан 29 киши набыт кеткен. Анда жоопкерчиликти күрт согушкерлери өздөрүнө алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ