Menu

Акматбек Келдибековду жипсиз байлоонун амалдары, “галдирбайлар ар дайыма “галдирбайча” ойлонуп келишкен жана ойлоно да беришет

Бөлүшүү:

Экс-спикер Ахматбек Келдибековдун башына кара булут айланганы, күтүүсүз камакка алынышы, капастагы кесел, чет өлкөдөн барып дарыланып келиши, соттук териштүүлөрдөн  Чубактын кунундай созулган  сериалга айланган  отурумдары…Айта берсең  баш аягы жоктой эле туйулат.Коррупциянын башын жулуп алабыз деген жалган ураанды көтөртүп койгон экс-баш прокурор  А.Салянова мына ушул арабөк кадамы менен президентке, өзунө, дегеле бийликке Ала-Тоодой рейтинг алып берем деп ойлогунан деле күмөн чоң. Болгону бир “буйрутманы” аткарганы чындыкка жакыныраактай. Бүгүн “буйрутманы” аткарбасаң сага да кылмыш ишин козгоп салышы барып турган иш. Бир сөз менен “оозу кыйшык болсо да шоопурдун баласы сүйлөсүн” Бүттү. Башкача сөз болушу мүмкүн эмес. Бул “мыйзам!”

Экинчиден, мына ушул “кутумдун” башында кимдир бирөө эмес, кадимки “Ата-Мекен” фракциясынын чыгааны Өмүрбек Текебаев турганы бүгүн жашыруун деле эмес. Мына ушул чыгаан тылактай баракка арыз-муңун жазып, кала берсе мөөрүн баспай, колун койбой эле Саляновага кармата салган. Тиги болсо ушуну эле күтүп тургандай, иштин ак-карасына көзү жетпестен эле коррупциялык 303-беренени  көтөрө калып, депутатты ошо жерден басып  жыгылган. “Кылмышы толук далилденди”, деп чоң сот боло койгондо эле баары түйшөлүшкөн. Бу качан эле кылмыш иши башталбай, сот болбой туруп эле баары далилденип калды… негедир баары шекшинип калышкан. Мына ушул күдүк ойлорду таратуу максатында президент өзү расмий түрдө “кары-картаңдардын акчасын сугунуп койуптур” деп айтып кирбедиби… бир же эки эмес, байма-бай айтып турду… Анан сыналгыдан кетти Келдибековдун хан сарайлары, башка-башка байлыктары… Экс-спикердин башынан ылдый  куйулган жугундулар  бүгүн да токтой элек. Чын эле Келдибеков президент жана Салянова  айткандай ири коррупциячыл дөө-шаабы?

Мына ушул соболдорго сот гана жооп бере алмак. Бирок телефондук буйрутмага байланып калган кыргыз соту кара кылды как жара алабы? Маселе ушунда эле. Башынан айтканбыз, жок,баары  бир кара кылды как жара алышпайт, коркушат, чочушат көчүгүндөгү амалдарынан деп. Чынында ошондой эле болду соңунда.

Биринчи Май райсоту жана судья Боромбаев айлап –жылдап, ар бир күбөнүн көрсөтмөлөрүн дапдаана угуп, көзү жетип, иштин ак-карасын так ажыратып  туруп кара кылды как жара алдыбы..? Албетте жок. Буга Боромбаев күнөлүүдеп айта албайбыз. Аны система бурчка такап салган. Ошолордун айтканын кылбаса эле… Түшүнүктүү да. Мыйзамдын чегинен чыга албаса да, баары тигилердин айтканындай болбой  баратканы менен Ак үйдө олтурган “акылмандар” ийненин көзүнөн тешик таап, өтүп кетип жатпайбы. Табышты. Келдибековго тагылган эки айыптын бири-салык боюнча айып боюнча акташып, Маскөө шарында ачылган парламенттин атайын өкүлчүлүгү боюнча  күнөөнү тагышып, “соттолду” дегенин укурукту аста илишип, 3 миллиондук айып жыгып салышты. Эми таап көр айлаңы, сенин чындыгыңын кимге кереги бар дешип… Кала берсе 60 депутаттын көрсөтмөлөрү, башка күбөлөрдүн калыс сөздөрү туулбай жатып өлүккө айлангандыгын чечим чыкканда билдик. Таң деле калбадык. Анткени, баары кудум ушундай болмок.

Кийинки баскыч албетте Бишкек шаардык соту… Соттун курамы үч соттон тургандыктан  балким  ушерде  калыстык таразасы жакшылап иштээр деген үмүткө байлангандар болду.Айып деле баягы: кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу), 303-беренесини биринчи бөлүгү (коррупция), 304-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши …

Баягы эле күбөлөр,  депутаттар, башкалар болгонун болгондой айтып турушту. Соттун катчылары тизмелеп жазып жатышты. Кала берсе бу курдайы Текебаев өзү да келип, деле түшүнүксүз көрсөтмөлөрдү балп эткизип, актуалдуулугун жоготту дегендей да бирдемелерди айткандай болду. Көрсө мына ушул көрсөтмө кийинки чечимге түздөн-түз байланышта экендигин даана көрсөтө албадыбы… 60 депутаттын сөзүн жокко чыгарып, жалгыз Текебаевдин сөзүн ынанган сот эски жомокту кайра токушту.

Чынында сотто бирөөбү, үчөөбү, жетөөбү бүгүн айырмасы деле жок. Пири мыйзам эмес бир киши болуп турганда кайдагы адилеттүүлүк да, кайдагы мыйзамдуулук!

Кеңешкени кирип кетип, эки сааттай жоголушкан сотторго али да анча-мынча ишеним артып, балким кара кылды как жарат дегендер да толтура эле. Үмүт да. Бирок, ошондо эле баары дайын болгондугун билгендер да жок эмес болчу.

Экинчиден, өгүз өлбөсүн, араба да сынбасын дегендей жогор жакта “Ким  миллионер?” болот деген ойунду сотторго таңуулап койушу кандайдыр бир жаңылыктай деле болуп калды. Абал курчуп турса, каматып ийсе эл көтөрүлүп чыгышы мүмкүнбү, мүмкүн… Шо сымал тигинтип миллиондогон айыпка жыгып койсоң ким болсо деле алапайын таппай калат эмеспи. Мисалга журналист Дайырбек Орунбековго, Уран Ботобековго 2 миллиондон  илип койгонун жакшы билебиз. Андан кийин Келдибековдо ставканы көтөрүп, үчкө чыгарышкан…

Мына, ал ойун андан ары уланып, эми шаардык сот Воронцованын жана анын эки шеригинин  колдору менен “миллион ойуну” 10 го жетти. Бул деле чек эмес. Алдыда Жогорку сот дегени бар, балким алар андан ары көтөрүп ийишер. Баарын күтсө болот.

Эми биз жалаң сотту гана жемелеп, короосуна котур ташыт ыргыта берген менен, ал деле бүтүндөй чирип  бүткөн системанын бир бурамасы…Баш жактан сасып атса, булар көктөн түшүшкөн эмес да акыры…Ишенип берилген вазийпасын толугу менен аткарышты жана алчу “сыйлыктарын” алышат. Жок дегенде соттук орундарында азырынча олтура беришет…

Ал эми  мына ушундай “шайтан ойундардан “ кийин деле адилеттүүлүккө  терең ишенген экс-спикер Келдибеков жана анын жактоочулары күбөөнаамалырын көтөрүп алышып, эми Жогорку соттон чындыктын эшигин кагып көрүшөт. Бирок, айтчу бир гана сөз бар: баары таптакыр башка жерден эбак чечилип калган. Келдибековдун “ саясий салмагынын өтө жогору болушу, акылынын тунуктугу, эл башында  туруу, элди артынан ээрчите алуу жөндөмү, ааламдашкан кырдаалга сареп салып, башын тоголотушту жакшы билиши, жөнөкөй элдин тилдин таба алышы” сыяктуу көктөн издесең табылгыс касиеттери бүгүнкү бийликке жакмак беле… Анын үстүнө президенттик шайлоо келе жатса, айла канча “галдирбайлар ар дайыма “галдирбайча” ойлонуп келишкен жана ойлоно да беришет. Жолдун туюк же түз экендигин  көрө да алышпайт. Аларга эптеп эле кайсыл бир жол болсо болгону…

Демек, Келдибековго  бүгүн бийлик эч кандай мүмкүнчүлүктү бербейт. Ойлоп да койбойт. Аларды кыргыз элинин эртеңи башкасы кызыктырбайт.  Атамбайчылык, икрамчылык жана анча мынча темирчилик жуурулушуп тарыхтын бир  бүктөмүндө унутулуп калып кетээрин гана эске алышпай жатышат. Кудум эле дүйнөнүн устуну болгондой ары-бери чаап жүрүшөт ооздорунан “миллиону“ түшпөй. .Качанга чейин? Эми бул таптакыр башка маселе…

Калдарбек Шерматов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: