Menu

Азимбек Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын төрагасы: “Атамбаев өзү араң жүрөт, анын ок ата турган командасы да жок. Турганбаев Молдомусанын кейпин кийгиси келбейт”

Бөлүшүү:

24-мартта Оппозициянын Ошто өтө турган курултайы, өлкөдөгү саясий абал, Атамбаевдин кемчиликтери жана башка ушул сыяктуу суроолорго “Эл үнү” кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров жооп берди. Азике Аксыга кетүүгө камынып жаткан жеринен машинеден түшүрүп, билектен тартып бир топ суроолорго жооп алдык.

-Азимбек Анаркулович, 24-мартта Ошто курултай өткөргөнү жатышат, максаты эмне?

-Ар ким ар нерсени айтып жатат, ар ким ар нерсени жазып жатат, ар ким алынын жетишинче ар бир райондо, региондо өзүнүн күчүнүн жетишинче бийликке болгон нааразычылыгын айтууга аракет кылып жатат, Нарында, Таласта, Аксыда, Жалал-Абадда. Мына ошол нааразычылыктардын баары бийликке болуп жатат. Бирок баары чар жайыт. Биз ошол “Эл үнү” уюштурган курултайда ар жерде чар жайыт болуп жаткан нааразы элдин баарын бир жерге топтоп, жалпы элдин нааразычылыгын бирдиктүү кылып бийликке жеткирүүнү максат кылып жатабыз. Негизинен социалдык-экономикалык маселелер козголот. Ошол эле светтин, газдын кымбатташы боюнча, коммуналдык кызматтардын кымбатташы, салык, страхованиялардын кымбатташы, пенсия, соцфонд маселелери, кредиторлордун нааразычылыгы, мына ушунун баарын бийликке бириктирип жеткирүүнү максат кылып жатабыз. Бийликти да чакырып жатабыз. Мына, Атамбаевдин бийликте отурганына 6-жылга карап калды. Көп маселелерди чечип коюуга жетишерлик мүмкүнчүлүк болду. 2010-жылы 28-декабрда Убактылуу өкмөт Атамбаевге бийликти өткөрүп берип жатканда мен Атамбаевге айткам, “Урматтуу Алмаз Шаршенович, мына Сиз премьер-министр катары бийликти алып жатасыз. Бирок биз Сизге светтин 1 киловатын 70 тыйындан, газды 4 сомдон өткөрүп берип жатабыз. Кумтөрдү мамлекетке ала алган жокпуз. Эми Сиз элдин кен байлыгын алыңыз мамлекетке. Ал Кыргызстанга кызмат кылсын. Биз бүтүрбөгөн иштерди улантыңыз, бүтүрүңүз”, -деп туруп сүйлөп кеткем. Бирок, тилекке каршы, 6 жылдан кийин светтин баасын кайрадан Бакиевдердикинен эки эсе кылып көтөрүп, 2,5 сомго алып келди, газдын баасы 4 сомдон 16 сомго өстү. “Кыргызгазды” сатып жатканда айткан, “бизге “Кыргызгаз” эмес, газ керек”, -деп. Анын бири аткарылган жок. Бүгүн же арзан газдан жок, же “Кыргызгаздан” жок калдык. “Кумтөр” кени ошол боюнча чет өлкөлүктөргө кызмат кылып жатат. Аэропортту сатып жибере жаздаганда биз 2014-жылдын 10-апрелинде митинг кылып кыйкырып жатып аэропортту аман алып калдык. Болбосо аны да сатып жибермек. “Роснефттин” жетекчиси Сечин “Элиңер ызы-чуу кылып жатат” деп баш тартты. Эми ошонун баарын жасап алып туруп эми кайра Россияга нааразы болуп жатат. Болбосо өзү жалдырап жатып берген ошонун баарын. Нарын дарыясынын боюндагы 8 каскадды бергенде биз айттык, “Ай, Нарын сууну неге берип жатасыңар? Ал деген биздин стратегиялык маанилүү байлыгыбыз. Оруска берсеңер биз ага кожоюн боло албай калабыз” деп айтканбыз. Мына ошонун баарын талкуулап, биз убагында Атамбаев менен чогуу жүргөн адамдар демилге көтөрүп, Атамбаевден отчет алалы деп жатабыз. Элден мурун талкуулайлы, Атамбаев да келип оюн айтсын, “мобу жериңерге макулмун, мобу жериңерге каршымын” деп. Канткен менен баарыбыз кеңешип иш кылышыбыз керек. Себеби биздин бир гана мамлекетибиз бар. Биз бийлик талашпайбыз, болгону бийлик келип өз сөзүн айтсын, эмне үчүн көп убадаларын аткара албаганын. Айта албайбы, анда бул бийлик кетиши керек. Биз Кыргызстандын жараны катары буга толук укуктуубуз.

— Убагында Атамбаев досуңузду ээрчитип Кыргызстанды түрө кыдырып, мактадыңыз эле. “Бакиевди коюп Алмаз досумду шайласаңар баары сонун болот”, -дедиңиз эле… Ошондо Атамбаевдин эмнесине ишендиңиз эле?

— Атамбаевдин биз менен жүргөнүнө ишенгем. Бүгүн деле биз менен азыр бир нече адамдар кетип жатат. 2009-жылы Атамбаев Бакиевдин саясатына каршы чыккан. Туура эмес деп айтып сындап жүргөн. Баш оту менен бизге кошулган. “Бакиев болбой калды, биз биригишибиз керек” деп чечкиндүү киришкенинен мен ишенгем. Эми адамда ишеним болушу керек да. Жумуру баш, айры бут адам болгондон кийн “катарыңарга турам, силер менен чогуу күрөшөм” десе мен кантип жок дейм? “Мен премьер болдум. Булардын ким экенин көрдүм” деп партиясы баш болуп, Отунбаева төш болуп парламенттеги фракциясы “Акжолго” каршы чыгып жатса, кантип колдобойсуң? Элге барып сүйлөгөн, “башымды сайдым” деген. Жүз миңдеген адам кетмен чоту менен Бишкекке чыгат деген. Ошон үчүн чогуу аттанганбыз. Ал кездеги Атамбаев башкача Атамбаев эле. Жакшы пландары бар эле. Андан мурда Бакиевге да ошентип ишенгенбиз. Анда да үмүт акталган жок.
Кечээ эле Атамбаевдин жанында жүргөн Бекназаров сыяктуулар четте калды да, Бакиев менен кошо элди аткан Карашевге окшогондор Атамбаевдин жанында орун алды. Сарпашев, Карашев, Сегизбаев, Сапар Исаков, кыскасы санай берсең толтура. Аны силер менден жакшы билесиңер. Ошол эле түштүктөгү Шарип аксакалдын балдары Асылбек, Соронбай Жээнбеков-сээнбеков дегендер. Ошолор КСДПда жүргөнү менен чынында Акжолду колдоп эле жүргөн немелер болучу. Мына ошол адамдар кирди, ошону менен Атамбаевдин командасы, аны менен кошо саясаты өзгөрдү. Мурдагы Акаев, Бакиевдердин жолу менен кетти. Бир эле мен четте калсам бир жөн, миңдеген карапайым баатырлар четте калды. Баягы эле Акаев-Бакиевдин башын жуткан кошоматчылар кирип алды. Айрым эле бир-эки революционерлерди киргизип койгону болбосо, дээрлик көбү бүгүн КСДПдан аким, министр, губернатор болгондун баары мурдагылар. Атамбаевдин командасы да, саясаты да, Атамбаев өзү да өзгөрдү. Мына бүгүн илибой киши билет, Атамбаевдин Бакиевден айырмасы жок. Бир гана айырмасы, Бакиев үй-бүлө мүчөлөрү, бир туугандары менен башкарса, Атамбаев мурдагы катчылары, шоопурлары, жан сакчылары менен мамлекетти башкарып жатат. Башка айырмасы деле жок. Ошондуктан заман өзгөрүлгөн жок. Саясий куугунтук болуп жатат. Сөз эркиндиги муунтулуп жатат. Далай журналисттер миллиондогон штрафка жыгылып жатат. Алды чет өлкөгө качып кетти. Ондогон саясатчылар соттолуп, куугунтукталып жатат.
Кечээ өзү айтып жатпайбы, жыргаган деле оппозиция жок деп. Биз ойлогонбуз, оппозиция парламентте болот, ичинде отуруп, көчө оппозициясына жол бербей, парламентте баланс сакталып турат деп ойлогонбуз, тилекке каршы ойлогон оюбуз ишке ашпай калды. Парламенттеги оппозиция болумуштар болсо шоопурдун көзүн карап кошомат кылып чуркап жүрөт.
-Кечээ Атамбаев ишембиликте айтты: “Оппозицияны кан көксөгөн кузгунга салыштырам” деп. Досуңуздун бул айтканына эмне менен жооп кайтарасыз?
-Мен оппозицияда жүргөндө мындай сөздөрдү Акаевден да уккам, Бакиевден да уккам. Бакиев мындан да катуу айткан. Ушундай эле сөздөрдү Бакиев айтып жатканда Атамбаев мени менен кошо оппозицияда жүрчү. Ошондуктан бул сөз жаңылык деле эмес. Атамбаев ошолордун сөзүн да кайталап калды. Акаев да, Бакиев да кетээринде ушундай сөздөрдү көп кайталап калган. Акаевдин убагында Абдиль Сегизбаев, Осмонакун Ибраимов сыяктуу кошоматчыларынын оозу менен көп сөздөрдү айттырчу. Азыр да Атамбаев ошол сыяктуу кошоматчылардын оозу менен ар кандай сөздөрдү айттырып жатат. Фарид Ниязов деген Осмонакун Ибраимовдун мурдагы кадры муну тымызын уюштуруп, Осмонакунга жаздырып жатат. Кээ бирлер жооп берип жатат: “Оппозиция кузгун болсо сен чөөсүң” деп. Эми өзү ушундай сөздөрдү айтаарда ойлонуш керек да, мен мурда ким элем депчи. Баягы Шералынын чокоюн эстеш керек да. Эми досум өзүнүн ээн ооздугу менен бир эле постсоветтик мамлекеттерде гана эмес, бүткүл дүйнөдө популярдуу болуп калбадыбы. Ушул жердеги сүйлөгөнүн Путинге да сүйлөп алат. Өзүнүн кандай деңгээлдеги адам экенин, кандай кызматты ээлеп жүргөнүн ким экенин да кээде унутуп калып эле көчөдөгү аялдарга окшоп дейди кептерди сүйлөп жиберет. Мен аны дейди кеп деп коем.
-Сиз Ахматбек Келдибековду 2 жарым жылдан бери жактап жүрөсүз, сотто, тергөө убагында колдоп келдиңиз. Кечээ жакында Бишкек шаардык соту Келдибековго биринчи инстанцияда берилген жазаны катаалдантты. Буга эмне дейсиз?
-Эми бул ачыктан-ачык эле бийликтин кылганы. Бул жерде бир гана Текебаев менен Салянова эмес, Атамбаевдин да колу бар. Мен бул кылмыш ишинде баштан-аяк катышкан адам катары толук түрдө айта алам. Келдибековдун эч кандай күнөөсү жок. Аны далилдей алышкан жок. Мен ишенем, эртең бийлик алмашаар замат Кулов, Исаковдор сыяктуу эле Келдибеков да акталат. Бул эми саясий иш экени ачыктан-ачык эле көрүнүп турат. Мисалы Жогорку Кеңеш боюнча алсак, бул деген толугу менен парламенттин коллегиалдуу кабыл алынган чечими. Ага 89 депутат макул деп добуш берген. Ошонун 56сы келип добуш бергенин тастыктап беришти. Жогорку Кеңеш Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча чечим кабыл алганда баары унчукпай отурушкан. Ошол эле Текебаев да унчукпай отурган. Президенттин өкүлү Салянова, премьер-министр Атамбаевдин өкүлү Нарымбаев экөө тең каршы болушкан эмес. Эгерде Текебаев айткандай башында кабыл алынган токтом өзгөртүлүп салынса аны парламенттин бюджет комитети караганда эмнеге айтышкан жок? Себеби бюджет комитети Текебаевдин колунда болгон. Президент макул болуп буга кол койду, ал эми премьер Атамбаев аны аткаруу боюнча минфинге тапшырма берип, каражат бөлдүргөн. Анда ошонун баарын жоопко тартыш керек да. Кыскасы бул саясий өкүм болуп калды. Эптеп эле Келдибековду жыга чабыштын амалы. Бул Текебаев менен Атамбаевдин оюну. Булар эртең-бүрсүгүнү сөзсүз жооп беришет. Мен буга бөркүмдөй ишенем.
-Элдин арасында “Эгер Атамбаевге каршы эл чыкса ал курал колдонушу мүмкүн” деген пикир бар.Сиз буга кошуласызбы? Канткен менен досуңуздун кыялын жакшы билесиз дегендей…
-Ооба, буга чейинки бийликтер, айрыкча Бакиев элди атып, курал колдонгондуктан элде ошондой чочуркоо пайда болуп калды. Бирок менин жеке пикиримде, байкоомдо, Атамбаев ага бара албайт. Буга бир нече себептер бар. Биринчиси, Атамбаевде команда жок. Мурдагы катчылары, жансакчы, шоопурларынан башка анда команда жок. Күч да жок. Ал эми Бакиевде Жаныш деген эмне деген күч эле? Максим деген эмне деген күч эле? Мен башка тиги Ош, Жалал-Абадда Бакиевди колдоп турган инилерин, генералдарды айтпай эле коеюн. Акаевдин командасында интелектуалдар көп эле. Совет заманынан калган эски системада иштеп калган мамлекетчил кадрлар бар эле. Акаев өзү да интелектуалдык деңгээли жогору, гумандуу адам болгон.
Акаевдин, Бакиевдин ошого карабай качып чыгышы Атамбаевге күч колдонгонго жол бербейт. Мисалы Мелис Турганбаевди алалы. Ал Молдомуса Конгантиевдин кейпин кийгиси келбейт. Ал келесоо эмес. Мен билгенден Мелис Турганбаев 7-апрелден кийин биз менен иштешип, Бакиевдерди кармоого аракет кылып жүргөн. Ал мындайды башынан өткөргөн. Ошону кайталап калгысы келбейт. Митинг өткөрүү элдин укугу экенин ал жакшы түшүнөт. Ошондуктан ал Башмыйзамдагы укугун колдонуп жаткан элге курал колдонбойт. Колдонгон күндө да эч нерсе кыла албайт. Бир эле адамды атчу болсо, анын тагдыры татаал болот. Муну ал түшүнөт. Анткени ал профессионал милиционер. Ал капталдан чыга калган Сегизбаев эмес. Мен билген Турганбаев ошондой адам. Ал эми мен билбеген Турганбаев кандай экенин айта албайм.

-Сегизбаев деп калдыңыз, ал деле капталдан чыкканы менен килтейген мамлекеттик комитетти жетектеп жатпайбы. Ал жерде Альфа дегендер бар эле…

-Сегизбаев журналист. Сенин бывший коллегаң. Журналист болгондо да Акаевдин убагында Осмонакун экөө Акаевге дүжүрлүк кылып теледен сүйлөп, аябай кошомат кылып, элдин кыжырына тийген. Ошондо эл 24-мартта Ак үйдөн сүйрөп түшүп сабаган. Мен арачалагам, тийбегиле деп. Ал өзүнүн жазасын алган. Сегизбаев деле андайга барбайт. Анткени ал деле элдин күчү, жаалы кандай болоорун 24-мартта көрдү да. Ошондуктан Сегизбаев Атамбаевге бүгүн кымындай да жардам бербейт. Мисалы жакында Атамбаевди Түркиянын атайын кызматтарынын агенти деп күнөөлөгөн тасма интернетке тарады. Ошол боюнча Сегизбаев эмне иш кылды? Атамбаевди бир чыгып коргогонго жарадыбы? Мына бул Сегизбаевдин жасай турган иши эле. Бул деген өзү президентке карата информациялык покушения болду. Мына ушул боюнча УКМК эмне иш кылды? Жок дегенде билдирүү жасап, кандай иштер аткарылганын маалымдаштыбы? Бир Ботобековго эптеп чаптап, шыбап, президенттик фонддон акча бөлүп, эптеп-септеп бүтүрүп коюшту. Мен ойлойм, Сегизбаев ошонун ичинде өзү дагы бар.
-Эмненин ичинде?
-Ошол Атамбаевди Түркиянын агенти дегендердин ичинде Сегизбаев дагы бар. Эмне үчүн дегенде, Сегизбаев Атамбаевге кызмат кылгандан көрө чет элдик атайын кызматтарга кызмат кылат. Эртеби-кечпи, менин сөзүм туура экенин мезгил тастыктайт. Бул жаман оюнда Атамбаев кетсе ордуна мен болом деп жүрөт. Керек болсо Турганбаевдин ордуна ИИМ министри болом деген да ою бар. Ошону менен Атамбаевдин заманын бүтүрөм деген да ою бар. Мына, жанагы Акаев деген депутат-журналист айтып жатпайбы, Турат Акимов боюнча ишти УКМК тергесин, Турганбаев тергебейт деп. Андан көрө ошол Акаев парламенттин трибунасынан айтпайбы, менин президентимди башка элдин агенти деп каралап жатышат, эмне үчүн ошого иш козгогон жоксуңар? Эй Сегизбаев, териштир, тергөө жүргүз деп айтпайбы. Комиссия түзөлү дебейби? Бул деген чоң жаңжал да.
Мына, силер президентти жамандап койгонуңар үчүн миллиондоп айыпка жыгылып жатпайсыңарбы, аны болсо чет өлкөнүн шпиону деп чыгышпадыбы. Кана ушул боюнча депутаттардын кыйкырганы? Сегизбаев болсо отурат кылмыш ишин козгобой “Ботобеков кылган болушу керек” деп коюп. Дароо опровержение бериши керек эле, андай эмес деп. Президентте кол тийбестик бар. Жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, президентти баарыбыз коргошубуз керек. Биринчи кезекте ошол спецслужба коргошу керек эле да. Оозуна талкан салып отурат. Мына, Атамбаевдин командасынын абалы кандай экенинин айкын мисалы. Бүгүн Атамбаевди жамандаш, аны кетириш, каршы чыгыш мода эмес. Ал кеткенден кийин өлкөнү кантип жолго салабыз, мына ошону талкуулашыбыз керек. Кийинки келе турган өкмөт коррупцияны кантип жоет? Мына ушул тууралуу Ошто көбүрөөк сүйлөшүшүбүз керек. Атамбаевдин кетээр-кетпеси бүгүн эч кимди кызыктырбайт. Бул да жетер жерине жетти, шиши толду, кет десең кетип деле кала берет. Атамбаев кеткенден кийин кандай кылабыз, мына ушуну ойлонуш керек. Мына, Атамбаев президент эмес эле Путиндин бир губернаторундай эле болуп калды. Ай сайын отчет берип жетип барат. Кайсы өлкөнүн президенти ушинтип жетип барып жатат айткылачы? Демек, биз эгемен өлкө болбой калдык. Атамбаев биздин эгемендигибизди сатты. Эң жаманы мына ушул. Бир нерсе болсо эле Путинге чуркайт. Атамбаевдин жолун жолдоп саясатчылардын баары Москвага чуркайт. Аны Путин да, Атамбаев да айтып жатат. Кыргызстандын тагдырын Кыргызстандын эли өзү чечиши керек. Россия же Казакстан казаныбызга аш салып бербейт.
Уландысы кийинки санда
Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: