Оу-у, Мамлекеттик салык кызматы быйыл бир дүңкүлдөмөй болушту. Башкача айтканда “Бирдиктүү салык терезесин” жарнама кылганга ашык-кеми жок 500 миң сом жумшамай болуптур. Анын аудио-видеосун тартканга эле 40 миң сом берем деген экен, Павел Кондрашин деген 2 миң сом ылдыйла деп жатып 38 миң сомго илип кетиптир. Ансыз деле салык кызматы дегенде шаштыбыз кетип калчу эле, эми 500 миң сомго күн сайын жарнама жасатса, балээ болуп уктабай чыгабызбы деп бизде жан жок.
“Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ