Menu

Талант Мамытов, ЖКнын депутаты: “Оппозиция бул бийликтин душманы эмес”

Бөлүшүү:

Ушул айдын 14-24-мартта  оппозициялык бириккен кыймыл  Бишкек жана Ош шаарларында  бийликке  өз үндөрүн жеткирүү максатында  жыйын өткөргөнү жатат. Буга Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы оппозициянын үнүн укпай аягы  бийликтен кетүү менен аяктаган. Азыркы бийлик оппозициянын үнүн угат деп ишенесизби?

Учурда Жогорку Кеңеште оппозициялык фракция бар,  сыртта атайын оппозициялык күчтөр пайда болууда. Мунун баардыгы  демократиянын  жемиши, анын көрсөткүчү деп билем. Биз демократиялык мамлекет болгондон кийин албетте  сиз айтып жаткан  көрүнүштөр болот. Бирок мындай көрүнүштөргө   бийлик алардын талаптарын кунт кою менен угуп, талдап, көңүл буруп чечүү чараларын көрүш керек деп ойлойм.

Буга  чейин эки бийлик тең оппозициянын талаптарын көңүл бурбай, алар менен эсептешпей туура эмес мамиле жасагандыктан  эки ирээт элдик  револьюция болуп кеткен. Учурда мамлекеттеги социалдык абал чынында эле  оор. Анткени жалпысынан дүйнөлүк масштаптагы кризис болуп жатат. Буга кошумча өкмөттүн жасап жаткан анти кризисттик чаралар  таптакыр жетишсиз. Бир жыл мурун бажы биримдигине кошулуп жатканда  элибизге эмне пайда жагы келет, завод фабрикалар курабыз, кимге кандай продукцияны сатабыз, жумуш орундарын түзө алабызбы ушунун баарын караса болмок. Тилекке каршы биз абдан кечигип жатабыз.  Азыр Казакстан  өндүрүштүк  жагынан колдоп, жеке ишкерлерине каржы  жагынан жакшы жардам берип жатышат.

Алардын продукциясы бүгүнкү күндө биздин базарларга  эч тоскоолдуксуз кирип келди. Жумуш орун түзүлбөсө, эмгек маяна албаса, калкыбыздын 80% кредит менен жашап жатса, соода сатык басаңдап жатса эл кандай айла кылат? Мына ушундай абалга  жеткирбеш үчүн өкмөт жалпы жоопкерчиликти өзүнүн мойнуна алып, анти кризистик чараларды көрсө болмок. Өкмөт колунан келген аракеттерин жасап жатат. Бирок  анын баарын жетишсиз деп баалайт элем. Өндүрүштү колго алып  өнүктүрбөсө мамлекет жакшы жолго түшө албайт. Мунун баардыгы элдин социалдык маселелер нааразычылыктар пайда болууда. Элдин, оппозициянын койгон талаптарын бийлик жаман көрбөй угуу зарыл.  Эл менен жолугушууларды жүргүзүп  биргеликте иш алып барышса иш жакшы жагына кетмек. Оппозиция бул бийликтин душманы эмес. Элдин үнүн угуп, анан бийликке угузат. Кыскасы  бийлик оппозициянын үнүн угуп маселелерди тез арада чечип берүүгө аракет кылуусу зарыл. Ансыз  абал кыйындап кетиши мүмкүн.

 

Баян Кулова

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: