Бул ким деп атасызбы, окурман? Аны биз дагы билбейбиз. Бирок ишенимдүү маалымат булактарына, тар чөрөдөгү кептерге ишенсек, КСДП фракциясы Ош шаардык кенешинң шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишүүнү көздөп, аны менен тим болбой, керек учурда Оштун бийлигин колго алып, өзунө жүктөлгөн миссияны аткарды делген бүгүнкү мэр Айтмамат Кадырбаевди сыйы менен узатып, ордуна Мирлан Капаровду мэрликке алып келүү чечими кабыл алыныптыр. Айтымында, бул өлкө башчысынын каалоосу экен. Мирлан Капаровду саналуу гана адамдар билбесе көпчүлүк билбейт экен.
Биле алганыбыз, ал президенттин жакыны, ишенимдүү адамдарынын бири дейт. Кечээ жакында эле Бишкек шаарына президенттин жакыны мэр болуп шайланды, эми экинчи борбор Ошко да анын жакыны барганы жатса, бул алдыдагы президенттик шайлоого даярдык эмеспи? Бирок президент Москвага акыркы сапарында «мураскер калтыруу аракетин көрбөйм» деп айтпады беле. Же ал жөн гана айтылган сөз болгонбу?
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ