Menu

Аксы окуясы: адилеттүүлүк үчүн күрөштүн алгачкы баскычы

Бөлүшүү:

Кыргыз элинин тарыхында ташка тамга баскандай кайгылуу Аксы окуясына быйыл 14 жыл толду.

Эске салсак, 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абаддын Аксы районунун Боспиек айылында куралсыз тынчтык митингдин катышуучуларына бийлик тарабынан ок атылган. Аталган каргашалуу окуяда 6 адам окко учуп, жыйырмага жакын киши жараат алган. Эл тарабынан тынчтык митинги Үзөңгү-Куштун Кытайга сатып жибергендиги жана Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына каршылык көрсөтүү максатында өткөрүлгөн эле. Өлкөбүздөгү үй-бүлөлүк кландык башкарууга каршы күрөштүн башаты аталган Аксы окуясында бийлик огунан каза тапкандар, акыйкаттуулук үчүн күрөшүп чыккандар эч кандай мамлекеттик бийлик коркунуч келтирбей тургандыгын тастыктады. Ошол кезде Кыргызстанды Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк бийлиги элди башкарып турган болчу. Аксы окуясы дегенде эле Бекназаров эске түшүп, депутатты абактан бошотуп алуу максат эле эмес, Кыргызстандагы авторитардык режимди кулатуу жана адилет акыйкаттуулук үчүн күрөштүн алгачкы баскычы катары тарых беттеринде кала берет. Аны унутууга эч кимибиздин акыбыз жок. Каргашалуу окуядан 10 жыл өткөндөн кийин гана Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы 17-мартта Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. 

Бүгүнкү күндө Аксы окуясына 14 жыл толсо дагы күнөөлүүлөр курулай сөз менен айтылып, бийлик тарабынан ок аткандар эркиндикте жазасыз калды. Кандуу окуяга карата козголгон кылмыш иши боюнча жүзгө чукул сот процесс иштери жүргүзүлүп, медициналык жыйынтык жана негизги көрсөтмө кагаздар боюнча каза тапкандар, жараат алгандар, бардыгы болуп 79 киши жабыркаган. Тергөө иштери ушул күнгө чейин аягына чыкпай, бардыгы бири-бири менен чырмалышкан чырмоок экендиги, бийлик кызматкерлеринин ишти жаап жашыруусунун жыйынтыгы болууда. Бүгүнкү күндө 14 жылдан бери өкмөт башында олтургандар ошолор эле болуп, акыйкаттык кыйынга турган иш көрүнөт. Аксы окуясынын чыныгы күнөөлүүлөрү ушул кезге чейин өз жазасын алыша элек.

Аксы окуясында октон жараат алган Максатбек Момуналиевдин айтымында, Кыргызстанда акыйкаттыкты сактап калуу үчүн Аксы окуясында окко учкан эр азаматтарыбыздын үмүтү актала элек. “Ал каргашага жооптуу адамдардын айрымдары азыр деле жогорку кызматтарда иштеп жатышат. Азыркы убакка чейин эски бийликтин бутактары жогорку кызматтарда олтурат. Деги калыстык качан орнойт ? ” – деди Аксы окуясынын катышуучусу.

Аталган кандуу окуяда оор жараат алган Анараалы Назарбеков дагы ушул күнгө чейин акыйкаттыкты издеп келет. “ Аксы эли тилеген максатына жете алган жок. “Эшек иштейт, ат жейт” дегендей, окуядан соң окко учуп эр азаматтарыбыз каза болсо, башкалар чоң кызматка олтурду. Ал эми, соттук тергөө иштерин токтотуп койгондугуна көп жыл болгон. Аксы окуясына бир топ жылдар болсо дагы, сот иштерине чуркап жүрдүк. Арадан 10 жыл өткөн соң олтуруп алып, алакан жайып кудайдан бата тилеп :”Башка пенденин колунан келбесе, эми кудай өзү жазаласын” дедик. 2012-жылы Президент менен жолугушуу учурунда : “Күнөөлүүлөр өз жазасын алып, Аксы окуясына чекит коюлат” деп билдирген. Биз ишенебиз, эртедир-кечтир акыйкаттуулук орноп, адилеттүү түрдө чечимдер чыгарылат. Аксы окуясы сабак болсун деп, Бакиевге өткөрүп бергенбиз. Бийлик болуп өткөн окуядан туура эмес сабак алып, кандуу окуялар кайрадан кайталанды. Азыркы өкмөт башчыларыбыз эки бийликтин катачылыгын эске алып, акыйкаттуу  иш алып баруу керек ” – деди Анараалы Назарбеков.

“ КСДП” фракциясынан депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, үй-бүлөлүк кландык башкарууга каршы күрөшүүгө чыккан Аксы окуясында бийлик огунан каза тапкандар, ар бир атуулдун эсинде: “ Бүгүнкү күндө Аксы окуясына 14 жыл толуп, кылмышкерлер эркиндикте жазасыз жүрүшөт. Бардыгы бири-бири менен байланышта болгондуктан, кандуу окуяга карата козголгон кылмыш иши аягына чыкпай келет. Аксы окуясы мамлекет жана  эл үчүн сабак боло турган эң орчундуу окуя” – деди Рыспаев.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев өлкөбүздөн эки бийлик башчылары качып кеткендиктен, Аксы окуясы боюнча тергөө иштери аягына чыкпай жатат деген ойдо. “Башка мамлекетте жүргөн биздин эки президентти кайтарып берсе, күнөөлүүлөр такталып өз жазасын алмак. Аксы окуясындагы күнөөлүүлөр Акаев менен Бакиев экендиги барына белгилүү. Биринчи төңкөрүштө сабак албаган бийлик, кийинки кандуу окуяларды баштан өткөрдү. Азыркы парламенттик системанын өзгөрүлүшүнө үч-төрт жылдын жүзү болуп, эл өз ой-пикирин билдирүүгө эркиндик түзүлдү. Эртедир-кечтир Аксы окуясында ок аткандар өз жазасын алышат” – деди ал.

Арадан бир топ жылдар өтсө дагы Аксы окуясында эр азаматтардын өлүмүнөн кийин деле бир нече жылдап бийликте өзгөрүү болбоду. Бийлик огунан эр азамат уулун жоготкон Аксы элинин кайгысынын дарты кайта элек. Тилекке каршы, бул окуя Мамлекет үчүн сабак болбой калгандыгынан кабар берип, Бакиевдин бийлиги учурунда 100гө жакын уул-жигиттерибиз окко учуп, курман болду. Бийлик болуп өткөн окуялардан туура сабак тыянак чыгарса, өлкөбүздө мындай каргашалуу кандуу окуя кайталанбас беле деген суроо жаралат.

Упел АНАРКУЛОВА

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: