Menu

Лира Севен: “Жөн эле «галочка» үчүн турмушка чыкпайм”

Бөлүшүү:

Мындан бир нече жыл мурун өзүнүн өзгөчө стили менен айырмаланган Лира аттуу кыз сахнага чыккан. Кийин көрүнбөй кетти эле, көрсө Түркиянын Анталия шаарында иштеп жүрүптүр. Өзү менен байланышып, учурдагы иши, жашоо-турмушу жана кыргыз жигиттери тууралуу кызыктуу маек курдук.

Лира, фамилияңыздын ордуна Seven сөзүн пайдаланып калышыңызга эмне себеп болгон?

Башка мамлекеттердин сахналарында ырдап жүргөндүктөн, чет өлкөлүктөргө эстеп калууга оңой болсун дегеним. Seven кадимки эле англис тилинин “жети” деген сөзү.  Мага 7 саны абдан жакын жана ийгиликтүү. Өзүм Жети-Өгүздөнмүн. Андан тышкары жети саны адамзатынын илгеркиден бери келе жаткан уламыштарында көп кездешет. Чексиз жашоо жана гармония катары эсептелет. Музыкада жети нота, бир жумада жети күн,  Асан-Үсөндө жети түс бар…

Кыргызстанды өз чыгармачылыгыңыз менен багындыра алдым деп ойлойсузбу?

Жакшы баштап келатып ортодон токтотуп койдум, себеби каражатым тартыш болуп калды. Шоу-бизнес ар дайым каражатты талап кылат.

Ошол себептен Анталияга кетип калдыңызбы?wu9a9597p

Биринчиден, башка ырчылардан айырмаланган эпотаждуу стилим Кыргызстанда чоң резонанс жаратты деп ойлойм. Эл оозуна алындым. Жада калса, мен жөнүндө ушактар да чыга баштаган. Чынын айтсам, ошондо көңүлүм чөгүп ыйлап жүрдүм, оорудум. Жаңы жер, жаңы эл мени депрессиядан арылтып турат. Негизи эле чыгармачыл адамдар аябай сезимтал болуп, ар нерсени жүрөккө жакын алабыз. Экинчиден, чын эле күнүмдүк кийим-кечегиме, тамагыма каражат жетпей баштаган учурлар болду. Күйөрмандар аны түшүнбөйт, дайыма жаркылдап турууну талап кылат. Менде демөөрчү да, продюсер да жок болчу, жада калса, туугандар тараптан колдоо болгон жок. Өзүмө гана ишенип, чет жакка жалгыз чыгып иш издей башташыма ушул себеп болду.

Эркектерди кайдыгер калтырбаган образыңыз бар бар. Тийишкендер көп болсо керек?

Сахнага чыкканда мен жөнүндө 100 пайыз билгиси келгендер көп. Анын ичинде авторитеттери, бандиттери, мафиозниктери, же органдарда чоң кызматтарда иштегендери бар. Албетте, тийишет. Андайда Лира качып жөнөйт (күлүп).  Кантип, кайсыл жакка сурабай эле коюңуз. Бул өзүнчө бир “хохма”.

Түркиядан иштеп тапканыңыз эми жетип атабы чыгымдарыңызга?wu9a1266p

Башында барганда абдан кыйналып жүрдүм. Азыр бардыгы жакшы!

Эмне иш кыласыз?

Келишим менен бир компанияда иштейм. Тобумдун аты «Чиз Кейк», алты кишиден турат, жалгыз кыз менмин.

Чет элдиктер чыгармачылыгыңызга кандай баа беришет?

Менин ырдаганымды угууга чет элдиктердин түрү келет. Аябай кызыгып угушат, видеого тартып, автограф алышат. “Мындай үнүңүз менен бул жерде эмне кылып жүрөсүз? Америкада ырдап чыгышыңыз керек» деп көп айтышат. А мен ичимен «Ах, ушул мага айтылган комплиментиңердин ордуна 1 доллардан эле берип турсаңар, эчак миллиардер болбойт белем” деп калам (күлүп).

Турмуш куруу оюңузда барбы?

Азыр үй-бүлө куруу дагы оңой болбой калды. Эркектер эмнегедир өзүмчүл, аша чапкан кызганчаак. Бүгүкү күндүн жаш үй-бүлөлөрү баягы Советтер Союзу тараганда төрөлгөн кыз-жигиттер. Оор турмуштун айынан ата-энесинин татыктуу тарбиясын, мээримин көрбөгөндөр. Ошол себептүү үй-бүлө курууда биринчи орунга сүйүү эмес, жеке кызыкчылыктар же жөн гана шашмалык чыгып калды. garden
Мени ата-энем бир адамды тандап турмушка чыктыңбы, өзүңдү өмүрүңдүн аягына чейин ошого арна деп тарбиялашкан. Тилекке каршы, азыркы жигиттердин ою башкача, мактанчаак. Мисалы, колуңду кармаса өптүм, өпсө жаттым дейт. Азырынча мага жар болчу адамды кезиктире элекмин. Ошондуктан кыргыздын жигиттерине: “Куру намысты жыйыштырып иштегиле, ойлонгула, өскүлө, жалкоолуктан арылгыла. Аң-сезимиңерди тазалап, ата-энени сыйлагыла!”- деп айтып келем. Үй-бүлөнү тыңыраак бага албай анан “биздин кыздар кытайга тийип атышат” деп ичтери күйөт. А биздин жигиттердин эмнеси кем кытайлардан? Ошолордой болуп тытынып иштеп, турмушту оңдосун да. Ошондой кыргыз жигитин күтүп жүрүп карымай болдум. Кыязы «ата мекендик өндүрүшкө” керегим деле жок окшойт (күлүп).

Анткен менен бойго жеткен кызды ата-эне, тууган-туушкандар шаштыра берет эмеспи?..

Ооба, чынын айтсам күнүгө ата-энем, туугандар, тааныштар, кесиптештер, коңшулар арасында жок дегенде бири сурайт, качан күйөөгө тиесиң деп. Мен тамашалап «эркектер аз болуп жатса, шашып тийе албай жүргөн кыздарга жол берип атам” деп кутулам. Же “мени алчу жигит капыстан он сегизинчи кылымда төрөлүп, өтүп кеткен окшойт» деп күлүп коем. Бул эми негизи менин жашоом да, жашоого бир жолу келип жаткандан кийин шашып “күйөөгө чыкпай калам” деп бир болбогон делбеге (катуу айтып алсам кечирип коюңуздар) чыгып алып өмүр бою кыйналгым келбейт.

Ошондуктан жөн эле «штамп» же «галочка» үчүн турмушка чыкпай,  татыктуу адамга тийгенге аракет кылам.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: