Орусиянын либерал-демократтар партиясы (ЛДПР) СССРдин акыркы президенти Михаил Горбачев менен Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцинди “мамлекетти бүлгүнгө” учураткан деп күнөөлөп, аларды саясий кылмышкерлер деп атоо боюнча Думага сунуш киргизди.
15-март күнү Думанын төмөнкү палатасынын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө Горбачев менен Ельцин “СССРдин тарашына жана 1990-жылдары миллиондогон кишинин өмүрүн кыйган улуттар аралык кагылыштарга, аскерий конфликттерге, бейпилдиктин төмөндөп кетишине жоопкер экени” айтылат.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ