Мындай пикирин Атамбаев Алмаз менен соттошуп жаткан журналист, жаш саясатчы Дайырбек Орунбеков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Атамбаев Алмаз элди жарандык согушка үндөп жатат. Атамбаев Алмаз жакында Ошко барганда оппозицияны шайтан, аны ээрчигендерди кулдары деп атаган. Мындан тышкары оппозицияны таш бараңга алып, өлкөдөн кууп салуу керектигин билдирди. Башкача айтканда ал элди эки жаат кылып уруштуруп, таш менен согушканга үндөдү. Өз элин урушка, жарандык согушка үндөгөн Атамбаев Алмаздын акылы сообу же ичине жин кирип кеткенби деп ойлоп жатам.
Гүлжан Шерипбаева, Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ