Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров 8-март майрамы менен айрым эркектерди да куттуктап, открытка жөнөткөн. Бул тууралу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев өзүнүн социалдык тармактардын бириндеги баракчасында билдирди.
Айбар Султангазиев ага Бишкек шаардык кеңештин төрагасынан 8-март майрамы менен куттуктоо келгенин айтып, Жаныбек Абиров кол коюп жөнөткөн открытканын сүрөтүн жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ