– Аксы окуясынан азыркы бийликтегилер сабак алышы керекпи?
– Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхында мектептерде жана Жогорку окуу жайларда сөзсүз октулушу керек. Анткени, Аксы окуясы өткөн бийликтин адилетсиздигинен ушундай каргашалуу окуя орун алды. Экинчиден, Аксы окуясын жаш муундардан сурасаң көбү билишпейт.
Аны менен бирге эле учурдагы жана өткөн бийликке бул нерсе “Шералынын чокою” болуш керек эле. Тилекке каршы ошол “Шералынын чокоюн” өткөн жана азыркы бийликтин өкүлдөрү көрбөй унутуп көздөрү май басып, азыр дагы ошол эле туура эмес саясат жүрүп келе жатат. Ошондуктан бийлик өткөн нерседен сабак алып турушу керек.
– Кечээ Атамбаевдин Ош шаарындагы элдер менен жолугушуусундагы сөзүнө кандай баа бересиз?
– Адамдарды соттун чечимисиз эч нерсе дей албайбыз. Бирок мамлекет башчы, уурусу болобу, кылмышкери болобу, ушакчысы болобу, соттун чечими жок айтканы туура эмес. Атамбаевдин айткандары адамгерчилике жатпайт, мыйзамга туура келбейт. Президент улуу үлгү болуп, баарына бирдей карашы керек. Эл бийликтин катасын айтып турганга толук акысы бар. Оппозициянын өлкөдө бары жакшы.
Гүлжан Шерипбаева, Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ