Menu

Улуу Үркүнгө 100 жыл!

Бөлүшүү:

Канат хан улуттук боштондук кыймылынын баштоочусу, Канат Ыбыке уулу, Канаат хан, (Канат Абукин) (1860, Кочкор өрөөнү – 1917, Верныйда абакта…) – эл башкаруучу. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягында Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болуштугунун башчысы болгон. Канаттын ата-теги манаптын тукуму болуп, Тагай бийден бери эл башкарып, эл багып келген. Канаттын атасы Ыбыке баатыр, анын атасы Абайылда, анын атасы Черикчи, анын атасы Темир, анын атасы Мааматкул бий, анын атасы Үчүкө баатыр, анын атасы Сарсейит, анын атасы Сүтөй, анын атасы Манап, анын атасы Дөөлөс, анын атасы Сарбагыш, анын атасы Тагай бий. Канат менен биз төрт ата өткөн тууганбыз. Абайылданын тукумдары деген Кочкордо төрт айыл өкмөттө жашайт, ал эми жалпы Сарбагыш Кочкордун 11 айыл өкмөтүндө тең бар. 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылында ушу Кочкор өрөөнүндөгү жана Чүйдө, Көлдө, Кочкордо отурукташкан Сарбагыш тукумунан көп кырылганына зээниң кейийт.

Канат калыстыгы менен элге алынган. 1892-жылы атасы Ыбыке жайыт жер талашып, үч ата өткөн тууганы Калча уулу Үркүмбайдын колунан өлөт. Ыбыке манаптын кунун бычканга Шабдан баатыр өзү катышып, эки кызды жана үч тогуз малды Канат ханга алып келишет. Канат кунга келген кыздарды үйүнө кетирип, “өлтүргөн да өзүм, өлгөн да өзүм” деп элди ынтымакка чакырат. 1904-жылы ажыга барып келген. Илим, билимге чоң маани берип, Ысак деген уулун Уфадагы жогорку диний мектеп “Медресе-и Галиядан” окуткан. Калган балдары Бишкек гимназиясынан билим алышкан. 1911-жылы өз каражатына Кочкор өрөөнүндөгү Талаа-Булактын сеңирине 10 бөлмөлүү медересе-мектеп салдырып, анда казак, татар мугалимдерди алып келип, каражатын өзү төлөп, балдарды окуттурган, “Медресе-и Галиядан” бүтүп келген мугалим балдар сабак беришкен. Канат медресеси – 1911-жылы Кочкор өрөөнүнүн түндүк-батышындагы Талаа-Булак деген жерде ачылган жаңы ыкма менен (усулу жадид) окуткан медресе. Мында динден башка дагы жалпы билим берүүчү эсеп, география, табият таануу, тарых, тил сабактары өтүлгөн. Медресенин асты-үстү тактайланып, чатыры тунуке менен жабылган. Класстарга парталар коюлуп, карта ж.б. окуу куралдары менен жабдылган. Балдар үчүн жатаканасы да болгон. 100дөн ашык балдар окуган. Медреседе Канат Ыбыке уулу Уфадан чакыртып келген татар мугалимден башка Уфадагы жаңы ыкма менен окуткан атактуу Галия медресесин бүтүшкөн Токтонаалы Чыңгызбаев, Ысак Канатов мугалим болуп иштешкен. Медреседе мугалимдер балдарды татар жана казак тилдеринде жазылган китептерден башка дагы 1911-жылы Уфада басылып чыккан И.Арабаев менен Х.Сарсекеевдин “Алиппе жана төтө окуу”, 1912-жылы Оренбургдан чыккан И.Арабаевдин “Жазуу өрнөктөрү” аттуу китептери менен окутушкан.

1916-жылы июлдун аягында Канат Алма-Атага орус падышачылыгынын башкаруучуларынын чакыруусу менен барып, кыргыз балдарын согушка алуу керектигин угуп келет. Кочкордогу Темир-Болот, Абайылда болуштугундагы элди чакырып, акылдашып, падышанын жумушчу аскерге алуу жөнүндөгү буйругуна каршы чыгышкан. Тизмеге кирген 300 чамалуу жигит элден бөлүнүп, “биз барбайбыз, күрөшөбүз” деп чыгышкан. Канаттын айласы кетип, молдолорду чакырып, кеңеш курат. Жыйынтыгында “Нээти казат” уруш чыгаруу бүтүмүнө келишет. Ошентип, Канат болуш Сарала-Саздын Ак-Бел деген жеринде Абайылда жана Темир-Болот элин чогултуп, жыйын өткөрөт. Жыйында эл ак боз бээни ак кийиздин үстүнө мууздап, Канатты хандыкка көтөрүшөт. 1916-жылы 10-августа Ныязбек, Борукчу, Жоон-Арык, Кочкор жана Абайылда болуштуктарынан көтөрүлүшкө чыккан эл Канаттын жана Дөөткул Шыгаевдин жетекчилиги менен (Столыпино кыштагы) азыркы Кочкор айылына чабуул жасап, басып алышат. 13-августан кийин Канат хан Токмокту камоого алган Шамшы, Бурана, Тынай, Нурмамбет ж.б. жерлерден көтөрүлүшкө чыккан элге 2000 колу менен барып кошулат. Ошол эле убакта Бөрүбайдын сеңиринде көтөрүлүшкө чыккан эл Шабдандын балдары баш болуп, экинчи жолу Канатты хандыкка көтөрүшөт. Токмокту жакшы куралданган 520 аскер, келгин орустар, ошондой эле дуңган, ногой, өзбек ж.б. коргоп турушкан. Көтөрүлүшчүлөр Токмокту 13-22-августа 5000 кол менен камоого алып, 22-августа Ташкенден дагы кошумча аскерлер жардамга келгенде чегинишкен. Токмок колго тийбей калгандан кийин августун аяк ченинде Канат хан 2000дей колу менен Биркулак, Подгорный деген сыяктуу орус кыштагын чапкан. Пишпек жана Верныйдан дагы кошумча аскер күчтөрү келе баштаганда Токмоктун айланасындагы көтөрүлүшкө чыккан эл жана Атаке сарыбагыштары Кочкорду карай үрккөн. 25-26-сентябрда Көкүмбайдын кабары боюнча Канат хан Нарын тараптан келе жаткан 30 араба орус жана 40 аскерди Жоон-Арык суусунун боюндагы Бозбекет деген жерден тосуп, салгылашат. Кочкор өрөөнүндө айыгышкан уруштан миңдеген адамдар, аялдар менен жаш балдар кырылган, эл мал-мүлкүн таштап, Ортоктун тоосуна, Ийри-Суу, Каракол жайлоолоруна качууга, жан айласы кылып, тоо ташка жашынууга аргасыз болушкан. Бул кыргынды айылда жашаган Кошбаев Бейшенбай, Чыр, Кыдыраалы деген аталар каңырыктары түтөп айтаар эле. Атам Сардарбек да аталарынан уккандарын кайгыруу менен айтчу. “Кан суудай агып, өрөөн кан жыттанып калган” дешээр эле. Канат хан 30-сентябрда Слинко баштаган 200 чамалуу казак-орустар менен Кочкордун башындагы Караколдун оюнда 700 чамалуу кол менен беттешип, жеңилип качат. Андан кийин Каракоого келген 200 аскер менен 5 күн атышат. Сентябрдын аягында Кызарт тараптан 200 кол көрүнүп, “Көкүмбайдын колу экен” деп Ак-Учуктун сайында Каракоодон сүргөн аскерлер менен атышып жатканда, Кызарт тараптан келе жаткандар Ташкенден чыккан бир рота аскер болуп чыгат. Канаттын колу эки ортодо калып, көп зыянга учурайт. Ушул окуядан кийин алар бириндеп, чачырайт. Орус аскерлери кыргыздардын көчүн кубалап, Күмүшайдын оозунда (азыркы Комсомол айылы) Каракол, Бучук, Ак-Бел деген жерлерде кочкорлуктар менен кошо качкан 20000 чамалуу элди кырып жиберет. Бул кыргында Солто, Сарбагыш баары 6000ден ашык түтүн болгон (Б.Солтоноев, 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү). Эл чачкын болуп, сентябрдын аягында Кытайды көздөй кача баштайт. Полковник Слинконун отряды Канатты Сөөк жайлоосунда Кочкордо колго түшүрөт. Канатты кудасы саяк Курмандын баласы Ысак “атамды орустар өлтүргөн атат, колго түшүп бериңиз” деп кармап берген. Канат колго түшкөндө “бул ишти мен баштадым эле, мен үчүн элим кырылбасын, жеке өзүмдү, үй-бүлөмдү ойлосом, Кытайга качып, же тоо-ташта жүрүп деле күнүм өтмөк, элимди кырбагыла” деп колго түшүп берген. Уулу Карыпбай да туткундалат. Канатты Верныйга алып кетишет. Медресени бүткөн уулу Ысакты Тоңдун Ак-Терегинде азыркы Кырк Шейит деген жерде даргага тартышат. Гимназияда окуган уулу Жапарсадыкты Пишпектен атып өлтүрүшөт. Канатты өлүм жазасына тартуу жөнүндө өкүм чыгарылат. 1916-жылы 9-ноябрда Канаттын аялы падыша өкмөтүнүн алдындагы эмгегин эске алып, өлүм жазасын сүргүн менен алмаштырып берүү өтүнүчү менен кайрылат. Бирок, падыша өкмөтү бул өтүнүчтү четке кагат. Канат ханды 57 жашында абакта жатканда чачын алдыргандан кийин башына уу сыйпап өлтүрүшөт. Сөөгүн жерге казактар алып көмүшкөн.

 

Канат узун бойлуу, көп семиз эмес, толук, бети агыш, кандуураак, ээги узунураак, кой көз, чокчороок жээрде сакалы болгон. Өзү өкүм, сөзү ачык, арапча окуп, жаза билген, сөзгө чечен, курч, кайраттуу, өз заманынын билимдүү адамы болгон.

Канат кыргызда Ормон хандан кийинки акыркы хан катары, 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылынын баштоочусу жана уюштуруучусу катары, биринчи агартуучу жана медересе мектеп ачуучу катары, кыргыз тарыхында түбөлүк алтын тамга менен жазылып калышы, мектептин окуу китептерине киргизилиши, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө атын коюп, чоң эстелик тургузуу керек. Канат хан жөнүндө Аалы Токомбаевдин “Кандуу Жылдар” романында кеңири айтылган. Аалы Токомбаев ошол жылдары биздин айылда Кочкордо жездесинин колунда жашаган. Улуу үркүндө Аалы Токомбаев 12 жашта болгон, Кочкордогу кандуу кыргынды өз көзү менен көргөн. Анда боюнда бар аялдардын курсагын жарып, жаш балдарды штыкка сайып өлтүрүшкөн. Сары Өзөн Чүйдөн баштап, Ысык-Көлдү айлана, Кочкор, Жумгал, Нарын, Ат-Башы болуп, 1916-жылдагы кыргында кыргыз элинин үчтөн экиси кырылып, жок болгон.

Канат хандын тарыхта качандыр бир убакта өз ордун таап, жасаган иштерине эл тараза болоор. Караңгы баео сезим менен орустун бийлигине баш ийген эл бекеринен кайрадан көтөрүлбөсө керек. 1916-жылкы үркүндө элди жетектеп, орус бийлиги элдин жерин тартып ала баштаганда каршылык көрсөткөндүгү тууралуу Түркестан чөлкөмүнүн генерал-губернатору Куропаткин өзүнүн күндөлүгүнүн 149-бетинде мындайча жазган[2]: “Основная причина легкости, с которой восстали киргизы, лежит глубоко и кроется в нашей земельной политике по отношению к киргизам. Много лет подряд, для образования “свободных земель” у киргиз отнимались их кочевья и главная их зимовые стойбища” (ЦГВИА СССР, 165-фонд, 1-опись 5256-иш дептери, 149-бет). Натыйжада, кырдаал курчуп отуруп, 1916-жылдагы кандуу кагылышка алып келген. Бирок, 1916-жылдагы көтөрүлүштөн соң жер маселеси чечилмек түгүл, падышалык колонизаторлор тарабынан бүтүндөй Чүй, Ысык-Көл кыргыздарын Нарынга, Кытайга сүрүп таштоо планы иштелип чыккан.ийлиги эл-жерди тартып ала баштаганда каршылык көрсөткөн.ү дээр эле.

Канаттын уулу Карыпбай Россиялык бийлик мезгилинде да, совет бийлигинин убагында да түрмөдөн чыкпай, өмүрү түрмөдө өткөн. Сталин өлгөндө 1953-жылы мартта, “Сталин экөбүз тең элек, дүйнөнү былкылдатпай кармап жүрүп, бул да өттү, түрмөдө жүрүп мен да өттүм” деген экен. 1953-жылдын күзүндө Карыпбай өлүп, атам Сардарбек, Байсабаев Мансур, Акматов Закир Талаа-Булакка алып келип, сөөгүн коюшканда “жер көтөрө алгыз эл келген” деп атам айтаар эле. Орус бийлигин кабыл албай өткөн адам болгон. Түрмөдөгүлөр калыстыкты бийликтен эмес, Карыпбайдан күткөн. Манаптыгын жоготпой, сынын бузбай, калыс сөздөн тайбай өткөн адам дешээр эле. Карыпбайдан Ниязбек, Ныязбектен Улукбек, Улукбектен Таалай, Асылбек деген балдары, Толкунай деген кызы бар. Азыр байланышып турабыз, Оштун Мады айылында турушат. Асылбеги азыр Россияда, бизнесмен.

Канат, Карыпбай жөнүндө дагы жазылбаган көп окуялар бар.

 

[1] Нарын облустук энциклопедиясы. Кыргыз энциклопедиясынын башкы  редакциясы. Б-1998. 234-бет.

 

Сабырбек Сардарбеков, коомдук ишмер, “Т.Усубалиев жана Кыргызстандын тарыхый инсандары” коомдук фондусунун жетекчиси

Булак: “АЗИЯnews

[1] Нарын облустук энциклопедиясы. Кыргыз энциклопедиясынын башкы  редакциясы. Б-1998. 234-бет.

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: