Menu

Фотобаян – Таш-Көмүрдүк депутаттар 110 жаштагы эмгек ардагери Саткын Айталиевага 400 миң сомго жаңы батир сатып беришти

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-мартта Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 110 жаштагы оорук жана эмгек ардагери Саткын Айталиева Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары жана мэрия тарабынан сатылып берилген көп кабаттуу үйдүн бир бөлмөлүү батирине көчүп кирди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Буга чейин көп жылдар бою Таш-Көмүр шаарында соода-сатык тармагында эмгектенген 110 жаштагы ооруктун жана эмгектин ардагери өзүнүн турак-жайы болбогондуктан убактылуу Бишкек шаарында жашап келген.
Таш-Көмүр 110 жаш2
– Ооруктун жана эмгектин ардагери Саткын Айталиева энебиз буга чейин Бишкек шаарында жашап келген. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары Саткын энебиздин оор шартын туура түшүнүү менен кабыл алышып, шаардын Кичи-Курулуш районундагы №9 үйдүн №1-чи батирин толук капиталдык ремонттоодон чыгарышып, 300 миң сомго бардык ыңгайлуу шарттары бар бир бөлмөлүү үйдү жана кошумча 100 миң сомдук эмеректер менен буюмдарды жергиликтүү шаардык кеңештин бюджетинен сатып берүү чечимин чыгарып беришти. Быйыл июнь айында, кудай буйруса Саткын энебиздин 110 жылдык кутман курагын тойлойбуз. Оорук жана эмгек ардагери Саткын энебиздин татыкктуу өмүрү жана даңктуу эмгек жолу өсүп келе жаткан жаштарыбызга өрнөк болууга татырлык. Бүгүн энебизди Бишкек шаарынан алып келип, жаңы батирине көчүрүп кирдик, – деди Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев.
Таш-Көмүр 110 жаш3
Бир бөлмөлүү батирге ээ болгон ооруктун жана эмгектин ардагери Саткын Айталиеваны өкүл Жумагүл Эгембердиева куттуктап, өзүнүн белегин тартуулады. Өз кезегинде 110 жаштагы кадырман ооруктун жана эмгектин ардагери Саткын Айталиева ушундай камкордуктары үчүн шаардык кеңештин депутаттарына, жергиликтүү шаардык жана областтык бийликтин жетекчилерине чын дилинен чыккан терең энелик ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди. 110 жаштагы Саткын энени 58 жаштагы кызы, кесиби боюнча мээрбан Зейне асырап багууда. Саткын эне ондогон небере-чебере менен кыбыралардын сүймөнчүктүү энеси.
Учурда Таш-Көмүр шаардык кеңешинде 31 депутат иш алып барат. Мамидалы Кулдышев төрагалык кылган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары 90 жаштагы ооруктун жана эмгектин ардагери Маша Коңурбаевге дагы жакынкы күндөрү жер үй куруп берүү маселесин ийгиликтүү чечип берүүнүн алдында турушат. Бул туурасында Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев билдирди.
Таш-Көмүр 110 жаш
Таш-Көмүр 110 жаш4
Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: