Үстүбүдөгү жылдын 29-июнунда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен видеоконференцбайланыш аркылуу жолугушуусу болду. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Финляндиянын «жашыл экономика» жана энергиянын жаңыланма булактары чөйрөсүндөгү ийгиликтүү тажрыйбасына таянуу менен эки тараптуу соода-инвестициялык байланыштарды активдештирүү маселелери талкууланды.
Эки тараптуу мамилелердин алдыга карай өнүгүшүнүн жана ЕБ менен БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташуу багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикир алмашышты. Коронавирустук инфекция пандемиясы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында тараптардын иш үстүндө өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча макулдашуу жетишилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ