Бүгүн, 26-мартта UFC мушкери Рафаэль Физиев 6 млн кыргыз элин сөгүп-сагып таарынган ишкер Даниэль Ажиевдин колу-бутун сындырам деп убада кылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 24-мартта Бишкек шаарынан ишкер Даниэль Ажиев таажывирусуна каршы күрөшкө Кыргызстандын 7 облусуна 7 миллион сом бөлөм деп жарыялап, Чүй облусунун калкына азык-түлүк тарата баштаган. Бирок социалдык тармактарда “Даниэль Ажиевдин акчасы арам, ал акчаны вебкам студия ачып, кыздарды эксплуатациялоо жолу менен тапкан” деп айыптоолор күч алган.
Буга жини келген Даниэль Ажиев алгач 6 млн кыргыз элин эч нерсе түшүнбөйсүңөр деп сөгүп-сагып кыйкырып чыкса, бир аздан кийин кечирим сурап, “мен мага каршы сүйлөгөндөрдү гана тилдегем” деп түшүндүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ