Menu

Тажик бийлиги мандикерлик кылгандардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырат

Бөлүшүү:

Тажик бийлиги ички мигранттардын расмий иштеп, татыктуу пенсия алышы үчүн мандикерлик кылгандардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги билдирди.

Министрдин орун басары Эмин Сангинзода мандикер менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы оозеки келишүү жарандардын социалдык жана юридикалык укуктарын кепилдебей турганын айтты.

«Мандикерлик менен алектенгендердин айрымдары адистиктерге ээ, аларга эмгек базарында суроо-талап жогору жана жакшы акча табышат. Бирок кыска убакыттын ичинде жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы бейрасмий мамилелерди жөнгө салуу мүмкүн эмес. Биз азыр ушул багытта иштеп жатабыз», — деди Сангинзода.

Калкты иш менен камсыз кылуу агенттигинин жетекчи орун басары Ниёз Курбонов жалданма эмгек базарындагы сурамжылоо мандикерлердин көбү ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууну каалабастыгын көрсөткөнүн айтты.

«Биз аларга эгер расмий жумушка ээ болсоңор, анда силерге социалдык жардамдар кепилденет деп түшүндүрүп жатабыз. Келечек, пенсия тууралуу ойлонуу керектигин айтып жатабыз. Бирок алар учурда таап жаткан акчалары жетиштүү экенин жана эч нерсе керек эмес экенин айтышууда», — деди Курбонов.

Учурда Тажикстанда канча адам мандикерлик менен акча таба тургандыгы боюнча расмий маалыматтар жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: