Кыргызстан мусалмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарынын борборунда илинген жарнакты элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тааныйт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
“Урматтуу мусулман бир туугандар жана мамлекетибиздин жалпы жарандары! Баарыбыздын колубуздагы эң кымбат байлык – бул элдин тынчтыгы менен биримдиги. КМДБ кыргыздын улуттук кийимин динге дал келген кийим деп белгилейт жана улуттук баалуулук менен диний баалуулуктарга шайкеш келээрин билдирет. Көчөгө коюлган жарнак бул элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тааныйт. КМДБ жарандарды мындай нерселерге таасирленип чектен чыкпоого чакырат жана бул маселенин алкагында тийиштүү ведомстволорго кайрылып, мыйзам чегинде карап берүүнү суранат”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ