Menu

Өмүрбек Бабанов 7-октябрда спикерликке Алтынбек Сулайманов сунушталганын айтты

Бөлүшүү:

Жаш саясатчылардын тобу 5-октябрдагы окуялардан кийинки күндөрү Өмүрбек Бабановдун сунуштарын эске алышкан жок. Бул тууралуу ал 2-ноябрда “Ыңгайсыз суроолордун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 6-9-октябрь окуялар тездик менен өнүккөн. Ал 6-октябрда Ала-Тоо аянтына барган, сөз сүйлөйүн дегенде ал жактагылар Бабановго микрофон бербей коюшкан. Аянтта 20 мүнөттөй болуп, андан кийин кетип калган.

“Мен ал жерде бир гана нерсени: баарыбыз биригели,  талашып отуруп от чыгып кетпесин, 5-октябрда талап кылганыңарды бекемдеп калалы деп эле айтмакмын. Тилекке каршы жаштар түшүнбөдү. Тилек Токтогазиев баштаган жаштар барып Өкмөттү басып алышты. Жаштар ушундай чечсе макул деп кетип калдым”, – деди ал.

Ал ошондой эле, 7-октябрда таңкы саат 5те Алтынбек Сулайманов анын үйүнө атайын жардамчысын жибергенин, тез арада чогулуу керек деп, “Жаннат” мейманкансына чакырылганын айтты.

“Ал жерде Алтынбек Сулайманов, Клара Сооронкулова, Тилек Токтогазиев, Жоодар Шадыканов, дагы бир топ тилектештери болгон. “Барыбыз биригип, сизди премьер-министр кылалы” деп сунушташты. Алтынбек Сулаймановду спикер кылалы деп айтышты. Бул сунуш түшкөндөн кийин мен эмне себептен десем, “сиз алып кете аласыз, ушул убакта сиз кармап бере аласыз” дешти. Парламенттик, президенттик шайлоого барбаңыз дешти. “Анда маселе жок” дедим. Шайлоо ачык-айкын жана бирдей шартта өтүшү керек деп талкууладык, анын ичинде Садыр Нургожоевич үчүн дагы. Экөөбүз чыгып, программабызды сунуштайлы, депутаттар кимди колдосо, ошол өкмөттү жетектейт дедик. Ошентип, биз 9-октябрдагы митингге бардык”, – деди ал.

Журналист Алмазбек Атамбаев менен элдешкис душман деп эсептелгенине карабастан, эмне үчүн биригип алгандыгын сурады.

“Атамбаев 2017-жылы мен жөнүндө эмнени гана айткан жок. Бул мен үчүн оор болду. Мен 2 жыл чет жерде жүрдүм, бир жылдай жиним келди. Андан кийин ойлондум “ал кишиге таарынганда менин жашоом оңолуп кетпейт” деп. Ал киши менден бир топ жолу кечирим сурады. Ачык дагы, бир топ элдин арасында жолукканда да кечирим сурады. Мен аны кечирүүнү чечтим“, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: