Menu

Депутат Садык Шер-Нияз: «Бишкек ЖЭБдеги эски жабдууларды чечүүгө эле 18 млн доллар бөлүнүптүр, ага мынчалык чоӊ каражаттын каралганы өтө таӊгалычтуу»

Бөлүшүү:

Бул тууралуу депутат Садык Шер-Нияз Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларынын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда билдирди.

«Бишкек ЖЭБдеги эски жабдууларды чечүүгө эле 18 млн доллар бөлүнүптүр, ага мынчалык чоӊ каражаттын каралганы өтө таӊгалычтуу нерсе. ЖЭБ көп болсо 2-3 гектар жерге жайгашкан. Ошол каражатка алтын сатып алып, каптаса деле кенен жетмек. Эски жабдууларды чечүүнүн мынчалык наркын кимдер аныктаган? Мен билгенден, ошол кезде Азамат менен Айзада аттуу котормочулар иштеген, алар азыр чоӊ кызматта отурушат. Алар Хубей провинциясынан мөөр коюлбаган бир кагазды алып келишкен экен. Ошондо эле жабдууларды алмаштыруу наркы так көрсөтүлсө, мындай көйгөйлөр келип чыкмак эмес», = деди Садык Шер-Нияз.

Андан тышкары, депутат ТВЕА компаниясы менен 5 премьер-министр иштешкенин, калыстык үчүн аларды жыйынга чакырып, ал эми кандайдыр бир себептерге байланыштуу жыйынга келе албагандардын ишенимдүү адамдарын катыштырса жакшы болмок деген пикирин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: