Menu

Элнура Алканова журналист Али Токтакуновдун калпын кантип чыгарды?

Бөлүшүү:

Мындан эки жумадай мурда өткөн айдын соңунда «Азаттык» радиосу жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу журналисттик иликтөө кыргыз коомчулугунда уу-дуу кептерди пайда кылып, жадагалса өкмөт башчы тиешелүү органдарга маселени текшерүүнү тапшырган. Ал иликтөөдө миңдеген эмес, миллиондогон долларлардын Кыргызстандан чыгарылышы тууралуу сөз болгон. Кийинчерээк баш айланткан бул миллиондор маселесинде күмөн санаткан жана суроо жараткан жагдайлар да жок эместиги белгилүү болгон. Биздин иликтөөчү журналистибиз Элнура Алканова ошол күмөн санаткан жагдайларды иликтеп, «Азаттыкка» ишенимдүү булагын сунуштаган документтерди текшерип, анын жарымы жасалма экенин аныктады. Мындан тышкары, кабарчыбыз бул миллиондор маселесине байланышкан бир катар жаңы фактыларды таап чыкты. Андан да кызыгы, документтерге коюлган кол Кытай жараны Айеркен Саймаитиники эмес, Америка Кошмо Штаттарында жолбун иттерге кам көргөн бир компаниянын аткаруучу директору Адам Стэнфильд аттуу бизнесменге таандык болуп чыкты. Сөз иликтөөчү журналисттибиз Элнура Алкановада.

– «Кыргызстандан чыгарылган 700 млн. доллар», «кытайлык уйгур соодагерлер», «Матраимовдордун үй-бүлөсү» деген сөздөр акыркы 15 күн ичинде коомчулукта эң көп айтылып, жазылып жатат. «Азаттык» радиосунун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнөн кийин финансылык полиция текшерүүлөрдү баштап, аны өкмөт башчы тездетүүнү тапшырды.

1-бөлүм «Азаттыктын» иликтөөсү эмне жөнүндө болгон?

– 29-майда чыккан видеоматериалдарда «Азаттык» өздүк булактарына ишенип, белгисиз кытай жараны Айеркен Саймаити анын «Абдыраз» аттуу компаниясына 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандан 700 млн. доллар чыгарылган жана ал сумманын ичинде 250 миллиону тиешелүү документтери колдоруна тийгенин көрсөттү. Ошол эле маалда банк аркылуу тышка акча которуп жаткан Айеркен Саймаити Кыргызстандагы Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Исмаил Ата» фондуна жалпы 2 млн. 300 миң $ которгонун жарыялады. Аз эле убактан соң финансы полициясынын төрагасы Бакир Таиров ЖКда «бул каражаттар базардагы соодагерлердики болушу мүмкүн» деп алгачкы маалымат таратты…

2- бөлүм. Миллиондор Матраимовдордукубу же соодагерлердикиби?

– Бул иликтөө коомчулуктун бүйүрүн кызытып, тышка которулган миллиондор боюнча кыргызстандыктардын ою экиге бөлүндү. Иликтөөнүн автору «бул миллиондор Матраимовдорго тиешеси барбы?» деген бир гана суроо койсо, соцтармактарда, эл арасында «бул акча ал үй-бүлөнүкү» деп айтылып жатат жана ошондой пикир жарала баштады. Олуттуу эле маалымат каражаттары «700 млн. долларды бажынын орун басары чыгарган» деген мааниде каралашып баштады. Мисалы, «Азаттыктын» өзбек кызматы «Бажы кызматынын башчысынын орун басары Кыргызстандан 700 млн. доллар чыгарып кетти» деп жазган. Бүткүл Борбор Азияга маалымат тараткан «Настоящее время» дагы «Матраимов чыгарып кетти» деп баса белгилеген. Укук коргоо органдары дароо эле «Азаттык» койгон айыптарды четке кагып чыкты. Финразведка Түркиядан «эки млн. эмес эле болгону 199 миң доллар «Исмаил Ата» фондуна түшкөн» десе, финполиция чын эле «Саймаити аттуу адам Кыргызстандан 700 млн. доллар которду» деп тастыктаган. Ошол эле учурда «Додрой», «Кара-Суу», «Мадина» базарларынын соодагерлери маалымат жыйын куруп, «Азаттыктын» иликтөөсүндө банктык система аркылуу которулган акчаны «көмүскө акча» деп айтуу туура эмес. Саймаитини базардагы ортомчу деп аташты. Алардын сөзү боюнча кытай жараны Айеркен Саймаити көптөгөн соодагерлерге өзүнүн ортомчулук кызматын сунуштап, алардын акчасын топтоп чет жакка которуп берип турган экен. «Бул маалымат чын болушу мүмкүнбү?» деп биз дагы базардагы акча жүгүртүүлөр тууралуу төмөндөгү маалыматты даярдадык.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанга 2011-2017-жылдар аралыгында 30 162 907 000 долларлык товар импорттолгон. Анын ичине 8 686 943 000 долларлык товар Кытайдан келген.

Бул расмий маалымат гана. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң продукциянын 23,6 пайызын түзөт. Бул 125 млрд. сом же 1 млрд. 814 млн. доллар. Статистика комитети көмүскө экономиканын 16 пайызын дүң жана чекене соода кылуу, тагыраагы, базарларда экенин айтат. Статистика көрсөткөндөй, дүң жана чекене соода кылгандардын төрттөн бири (4/1) официалдуу иштебейт. Юридикалык жактын жоктугу соодагерлер үчүн эл аралык эсеп ачууга жол бербегенден улам соодагерлер финансы ортомчусунун жардамына муктаж болуп келиши мүмкүн. Көмүскө экономиканы кошпогондо статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2011-2017-жылдар аралыгында 8 686 943 000 долларлык товар Кыргызстанга келген. Базар мыйзамы боюнча канча акчанын товары келсе, ошончо акча чыгып турары белгилүү. Уйгур соодагери Айеркен Саймаити 7 жыл аралыгында сыртка которгон 700 млн. доллар Кытайдан 7 жылда келген товардын акчасынан 12 эсе аз. Ал эми көмүскө импорт товарынын көлөмү бизге белгисиз.

3-бөлүм. Фейк-документтер

Миллиондордун айланасындагы кайсы бир маалыматка ишенерибизди билбей 5-каналдын редакциясы «Азаттыкка» белгисиз булактар берген кагаздарды бир ирет текшерип чыкты. Акыркы 10 күндөн бери көптөгөн маалыматтарды текшерип, бир топ жаңы фактыларды таба алдык. Иликтөөдө көрсөтүлгөн документтерде Саймаити «Түркиянын иш банкы аркылуу Бишкектеги «Халык» банктагы «Исмаил Ата» атындагы фонддун эсебине 2017-жылы 500 миң жана 730 миң доллар которду» деп көрсөтүлүп турат. Байкашыбызча, айтылган маалыматтардын бир тобу дал келди. Мисалы, жогоруда көрсөтүлгөн к-газдарда банктын SWIFT коду, алуучунун реквизиттери туура жазылыптыр. Бул сфивт коддор чын эле аталган «Халык» банк менен Түркиядагы иш банкка караштуу деп тастыктасак болот. Бирок, биз андан маанилүү башка деталдарга көңүл бурдук. Бул кагаз дүмүрчөк эмес эле акча которууга заявка деп документтердин башында аталып жазылып турат. «Айырмасы эмнеде?» деп биз бир эксперимент өткөрдүк. Ал жөнүндө кийинчерээк токтолобуз. Ал эми Айеркен Саймаитинин атынан которууга запростор деген кагаздар аябай көп. Алардын арасында бир дал келбестиктер бар. Бир топ кагаз документтерде Саймаитинин колу мындайча коюлуп турат. Ал эми эки башка банктык кагаздарда коюлган Саймаитинин колу бири-бирине аябай окшош. Жадагалса сыясынын жукпай калгандарына чейин жана формасы бипбирдей. Ошол эле учурда «Азаттыктын» иликтөөсүнүн 3-мүнөт 30-секундасында көрсөтүлгөн документтердин скриншотунда Саймаитинин ОсОО «Абдыраз» аркылуу акча жөнөтүп жаткан учурда такыр эле башка кытай иероглифтер менен коюлган колу, же башкача айтканда, росписи турат. Саймаити акчаларды сыртка которуп жатканда бир роспись коюп, ал эми Түркиядан Матраимовдордун фондуна которуп жатканда такыр эле башка колу коюлуп турат. Мүмкүн Саймаити бул колдордун бирине эле ээлик кылат же ар бир кайсы кагаздарга ар кандай колдорду коюп коё береби (?) деген суроолор да пайда болду. Алдыдагы латын стилдеги колду кыркып, яндекстеги ресурска салсак, дароо эле ага окшош сүрөттөр чыкты. Саймаитинин колу же росписи табылган бул америкалык сайт жолбун иттерди багып алуу менен алектенет. «Уйгур соодагери Саймаити Америкадагы жолбун иттерге кам көрөбү?» деп таңкалып жаткан чакта иликтөөбүз күтүүсүз бурулуш жасады. SPCA FLORIDA деген сайтта турган кол Айеркендики эмес эле америкалык компаниянын аткаруучу директору Аdam Stanfield деген мырза болуп чыкты. Бул адамды Фейсбуктан издеп таптык. Компаниянын дареги, байланыш телефондору да бар экен. Ошондогу телефон менен байланышып, «Адам Стенфилдди тааныйсыздарбы, чын эле сиздерди компанияда иштейби?» деп сурадык. Жолбун штердин фондунун өкүлү мурда иштегенин, азыр башка жерге которулуп кеткенин тастыктады. Мүмкүн бул сайт жана Адам Стенфилддин колу коюлган кагаз «Азаттыктын» иликтөөсү жарыялагаң соң атайын пайда болуп калган жокпу (?) деген шектенүү суроо бердик. Мындай жагдай үчүн атайын  WYBACK MACHINE же аrchivе.org деген ресурс бар. Бу жерде интернетте улам чыгып турган маалыматтардын санариптик архиви деп атасак болот. Анын максаты – кайсы сайтта качан чыкканын сактап турат. Адам Стенфилддин биз айтып аткан колу кечээ эле эмес, тээ 2015-жылы чыккан экен. Муну аrchivе.org сайты далилдеп берди. Мындан улам «Азаттык» көрсөткөн дүмүрчөктөр чын эле жасалмабы (?) деген ой кетет. Анда ким бул кагаздарды даярдаган? Бул кагаздарды жасаган адам Саймаитинин колун издегенден эригип интернеттен эле көчүрүп алгандай. Банк кагазындагы бул кол Адам Стенфилддики болсо, анда Айеркендин өзүнүн колу кандай? Ушул суроого жооп табыш үчүн Саймаити мурда ээлик кылган «Абдыраз» ЖЧКсынын юстиция министрлигинин архивдик документтерин алдык. Өзүңүздөр карагандай, Саймаити менен Назия Турдалиева менен уставдык келишимине колдорун коюп жаткан учурда Айеркен араб тилинде кол коюптур. Бирок, экинчи баракчасында жанагы эле кытай иероглифтер менен кол коюлуп турат. «Азаттыктын» иликтөөсүндө автор Али Токтакуновго кайрылып, ушудал келбестиктерди көрсөтүп, колуна түшкөн документтерди кандай түрдө текшерип чыкканын сурадык…

– Мен Кутман Маматазимов, 5-каналдын журналисти, ушу иликтөөнүн автору Элнура Алкановага жардам берип жатам. Биз азыр эле «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов менен байланышып, ал шаардан сыртта болгонуна байланыштуу телефон аркылуу бир канча суроолорду узаттык. Бирок, ал кайра байланышып, телефондогу сүйлөшүүнү эфирге бербөөнү суранды жана кийинки жумада жолугушуп ачык маектешүүгө даяр экенин билдирди. Буга байланыштуу биз дагы кийинки жумада Али Токтакунов менен жолугуп, документтердеги эки башка айырмаларды, дал келбестиктерди чогуу аныктоого даярбыз. Муну менен иликтөөнү улантып, кийинки жумада маселенин аягына чыгууга аракет кылабыз.

4-бөлүм. 2,3 млн.$, же 199 000$

Токтакунов жарыялаган кагаздардын ичинен бир гана «Исмаил Ата» атындагы фондго которулган (!) деген дүмүрчөктөр жасалма болуп чыкты. Кыргызстандын ичинен 13 чет өлкөгө которулган документтерди текшерүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок, ал жерде «Азаттык» Саймаити аркылуу которулган жалпы 700 млн. долларга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси болушу мүмкүн» деп айтылган болчу. Чынында эле «Дордой», «Кара-Суу» базарларында накталай төлөм менен соода жүрөт. Мүмкүн ал акчалар соодагерлердики эместир. Бирок, «Матраимовдорго ошол 700 млн. доллар тиешеси бардыгына жетиштүү далил табылдыбы?» деген суроо. Бул суроого иликтөөнүн автору өзү 5-каналда өткөн түз эфирде жооп берген. Ооба, ал сөзгө маани берсек «Азаттык» «тиешеси бар» дебей эле, «тиешеси болушу мүмкүн» деп жатат. Коомчулук берип жаткан суроолорду депутат Искендер Матраимовго узатууга кылган аракетибизден майнап чыккан жок. Бирок, «Азаттык» миллиондордон сырткары, «Бишкектеги «Эльдорадо» дүкөнүн жана Ошто курулуп жаткан «Ош Плаза» комплексин бул үй-бүлөгө караштуу» деген эле. Ал сөздөрдү депутат мурдагы жумада өзү тастыктап, адал жол менен тапкандыгын айтты. Депутат «Халык» банктан алган справкасынын копиясын редакцияга узатты. Ал справкада «Халык» банк Айеркен Саймаити аттуу адамдан «Исмаил Ата» фондуна каражат түшпөгөндүгүн, Буфули деген айым гана 2 млн. эмес 199 миң доллар которгонун билдирген. Бул иликтөөнүн аягында биз бир эксперимент жасап көрүүнү чечтик. Стамбулдан биздин кесиптештерибиздин бири Токтакуновдун кагазында жазылган Стамбулдагы иш банкына барышты. Алар ошол эле кагазда жазылган даректеги филиалынан Кыргызстандагы «Медиа Фокус» деген фондго 100 доллар которушту. Кадимкидей эле заявканы толтурушуп, банкка узатышса, банк аны кайра кайтарып бербеди. Себеби мындай заявкалар өз колу менен толтурулуп, банктын ишкери алып калат экен. Трансакциянын аягында бизге ушундай квитанцияны узатты. Муну «Азаттыктын» документтери менен салыштырып көрдүк. Салыштырмалуу биздин документтерден айырмаланып иликтөөчүнүн квитанциясында, тактап айтканда, акча которууга сураныч кагазы бир нече грамматикалык жана орфографиялык каталарды таптык. Акча которулгандагы чыныгы дүмүрчөк кагаз бул. Биз бул репортажда Кыргызстандан которулган 700 млн. долларга кайсы бир чиновниктердин тиешеси бар болушу мүмкүнбү (?) деген гана суроо койдук. Иликтөөдө жарыяланган документтердин жарымы жасалма экенин далилденгенден соң, «Азаттыктын» коррупция менен күрөшүүгө болгон таза ниетин кимдир бирөө пайдаланып, ишенимдүү булактары жасалма документтерди сунганбы?» деген ой жаралат. Кызыкчылыгы бар адамдардын артынан ээрчип кетпеш үчүн кыргыз журналистикасы дагы көп нерсеге үйрөнүп, колго тийген документтерди жарыялоо алдында «жети өлчөп, бир кесе турган учур» келди окшойт.

Жазып алган Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: