Menu

Аксыда 24-мартта Ошто болуучу Элдик Курултайдын биринчи этабы болду

Бөлүшүү:

2016-жылдын 18-мартында  Аксы менен Ала-Бука райондорунун ортосундагы  Сары-Булак айылындагы Кыргызстандын жолуна  Өзбекстандын аскерлери бир тараптуу кирип алгандан кийин, Мамлекеттик бийликтин аракетсиздигинен улам жеринде маселени көрүп,  талкуулоо үчүн  оппозиция 24-мартта Ошто болуучу Элдик Курултайдын биринчи этабын 22-мартта саат 12де  Аксыда өткөрүү  боюнча чечим кабыл алган.
Бүгүн Аксынын борбору Кербен шаарында саат 11де эл чогулуп жаткан жерге (А.Сегизбаевдин “жер тыңшаарларынын” жазып алган маалыматын уккандан кийин, түндөп чаап) ИИМ башчысын, губернаторду жандатып  Өкмөт башчысы Т.Сариев келип митингди   баштап жиберди. Демилгени колго алууну ойлоп келгенби, Өкмөт башчысы Сары-Булактагы кыргыздын тарыхый жерин “талаш жер” деп жарыялап, оозунан жаңылып, чогулгандардын катуу сынына кабылды.
Элди өзүн тартып, элдик жыйынды өз пайдасына чечүүгө көзү жетпегенден кийин бийлик өз жолуна түшүп, саат 12де  Элдик Курултай башталды. Жыйынга эки миңдей адам катышты.  Убакыттын чукулдугунан райондун алыскы аймактарынан эл чакырылган эмес.
Курултайда А.Бекназаров, К.Ташиев, К.Кадыров, Ч.Абыкеев, М.Абылов, З.Чоробаев, М.Усенов ж.б.баш болуп отузга жакын адам чыгып сүйлөп, бир тараптуу чек араны басып кирүүнү айыпташып, абалды сүйлөшүү-дипломатиялык жол менен чечүүнү, кыргыз бийлигин мындан ары чек ара маселелери боюнча  жогорку денгээлдеги сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоону, буга мамлекеттер аралык СНГ, ШОС, ОДКБ, ЕврАзЕС сыяктуу регионалдык саясий-экономикалык уюмдарынын жетекчилерин   тартууну сунушташты. Курултайда бийлик айтып жаткандай, оппозициялык күчтөр пияр кылып, өздөрүнө пайда издебей тургандыгын, үч күндөн бери кыргыз жеринин басып алынгандыгына карабай, бийлик өкүлдөрүнүн бири басып келбегендигинен жергиликтүү эл өз алдынча чек ара коргоого даярданып жатканы үчүн  кокустук болуп кетүүнүн алдын ала келгендиктерин билдиришти.
Айрым сүйлөгөндөр, бийликтин  “арзыматтары” (профессор А.Арзыматова сыяктуу) Бишкекте жатып алып оппозицияны сындагандын ордуна Аксынын элине келип моралдык колдоо көрсөтсө жакшы болмок деп билдиришти. Анткени ушул эле оппозицияда жүргөндөр 2010-жылы Ош, Жалал-Абад шаарларын бир ай бою Кыргызстандын жерин сепаратисттерден коргогон. Азыркы бийлик башындагылар Атамбаев баш болуп он күндөй кайдадыр жоголуп кетишкенин эл билет. Азыр да страустун кейпин кийип, ушак таратып, “телефон тыңшап”  Бишкекте олтурушат.
Элдик Курултайдын башында Аксынын акими М.Айдаралиев даярдаган он чакты провокатор бала чыр чыгарууга аракеттеништи. Бирок, элдин үрөйүнөн коркуп, куйруктарын кыпчып, 14-марттагы жасаганын кайталай алышкан жок.
Курултайдын биринчи этабы уюштуруу комитети даярдаган чечимдин долбоорун жактырып, бир добуштан кабыл алды.
Аксы районунун Кербен шаарында 2016-жылдын 22-мартында өткөрүлгөн Элдик Курултайдын
Ч Е Ч И М И :

  1. 2016-жылдын 18-мартындагы Кербен – Ала-Бука автожолундагы Кыргыз Республикасынын Аксы районуна караштуу Сары-Булак участкасын Өзбекстандын аскер күчтөрүнүн бир тараптуу ээлеп алышы, Эл аралык укуктардын,  Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жана бири-биринин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын таанууда,  мурдагы СССРдин курамындагы Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин чек ара аймактарындагы келишимдерди Өзбекстан тарабынан одоно бузуу деп белгиленсин;
  2. Өзбекстандын Кыргыз Республикасынын  чек арасын бир тараптуу бузуусу кылымдардан бери базары, мазары, дини, тили бир, бирге кошуна жашап келген, дагы түбөлүк кошуна жашай бере турган кыргыз улуту менен өзбек улутунун бир туугандыгына доо кетирүүчү жол берилгис кокустук катары баалансын;
  3. Бул кокустукту эгемендиктин 25 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын мурдагы жана азыркы бийлигинин тышкы саясат жүргүзүүдө, өзгөчө коңшу өлкөлөр менен теңата, туруктуу, эгемендүү мамиле жүргүзө албагандыгынын кесепети деп таанылсын;
  4. Аксы – Ала-Бука автожолундагы Сары-Булак участкасы кылымдардан  бери, совет доорунда да, эгемен доорунда да, азыр да кыргыз жери экендиги белгиленсин;
  5. Өзбекстан Республикасынын Президенти И.Каримовдон бул инцидентти кыргыз, өзбек элинин түбөлүк коңшу, бир тууган эл экенин эске алып, тез аранын ичинде тынчтык жолу менен жөнгө салуу суралсын;
  6. Россия Федерациясынын Президенти В.Путинден – дүйнөлүк жана постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин бири, СНГ, ШОС, ОДКБ, ЕврАзЕС сыяктуу регионалдык саясий-экономикалык уюмдарынын жетекчилеринин бири катары, Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосунда пайда болгон чек ара конфликттин жөнгө салуу боюнча ортомчулук кылуу жагы суралсын;
  7. Биз кыргыз эли ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактап келген кыргыз жерин эч качан коңшу өлкөлөргө кандай гана жол менен болбосун тарттырып жиберүүгө жол бербей турганыбызды  БУУга жана башка Эл аралык уюмдарга ачык билдиребиз жана алардан бул конфликттен чоң эл аралык жаңжал чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз.

Бул чечим 2016-жылдын 22-мартында Аксы районунун  Кербен шаарында Кыргызстандын баардык региондорунун өкүлдөрү катышкан элдик жыйында кабыл алынды.
 Курултай тууралуу маалыматты Аксыдан М.Абылов, У.Маматаевдер билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: