Menu

Кыргызгидромет: 23-марттан 27-мартка чейин аба ырайы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин аба ырайы.
Бишкек шаарында 23-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 23-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт.
23-март күнү жана 24-март күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй өрөөнүндө 7-12 метрге жетиши күтүлөт.
24-март күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде, 25-март күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы,Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында 24-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, 25-март күнү жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт.
27-март күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: