Кыргыз Өкмөтүнүн 2015-жыл, 11-ноябрь, 18-177 сандуу чогулушундагы протоколу «О переносе радиорелейной станции «Западная» (РРС 15) находящейся на территории Республики Казакстан и радиорелейной станции «Кербен» (РРС 24) находящейся на территории Республики Узбекстан».
Бул протоколго ылайык, Өкмөт Унгар чокусун Өзбекстандыкы деп таанып жатат. Ошол себептен Үңкүр (Унгар) тоосундагы телечокуларды башка жака көчүрүү каралган. Бүгүн Кербен шаардык кеңештин чукул (шашылыш) чогулушунда, Өкмөттүн токтомуна ылайык, Өкмөт Унгар чокусундагы телеантенналарды «Бозбу» чокусуна которуу боюнча макулдук сурашкан. Шаардык кеңештин бардык депутаттары телеантенналар «Унгар» телечокусунан жылбасын, биз жер бөлүүгө эмес, ал чокуну бошотууга каршыбыз» дешип каршы турушту.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ