Menu

Мигранттар жөнөткөн акчалардын көлөмү барган сайын азаюуда

Бөлүшүү:

Орусиянын Борбордук банкы бир жылдык статистикалык маалыматтарын жарыялады. Ага ылайык, өлкөдөн башка жактарга жөнөтүлгөн акчалай каражаттардын көлөмү болжол менен 10 миллиард долларга азайган.

Борбордук Азиянын дээлик бардык өлкөлөрүндө эмгек мигранттарынан келген акчалардын көлөмү азайгандыгы байкалууда. Орусиядагы тажик жарандары 2015-жылы өз өлкөсүнө 1 миллиард 278 миллион доллар жөнөтүшкөн. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчтөн 2.5 миллиард долларга аз. Өзбекстан менен Кыргызстандагы абал деле ушундай. Мисалы, былтыр Өзбекстандын жарандары 2.4 млрд доллар жөнөтүшкөн. Ал эми андан бир жыл мурун бул көрсөткүч 5 миллиард 581 миллион доллар болчу.

Адистердин айтымында, мындай жагдай рублдын куну түшүп кетишине байланыштуу. Бул арада Батыштын экономикалык санкцияларынан улам келип чыккан терең экономикалык кризис да мигранттар жолдогон каражаттардын көлөмүнүн азайып кетишине түрткү болду.

Борбордук Азиядан Орусияга келген мигранттардын саны да миграциялык эрежелердин өзгөрүшүнөн улам кескин азайып кетти деп эсептешет эксперттер.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: