Президент Атамбаев Бишкектеги гүлбактын ачылышы аземинде журналисттердин суроосуна жооп берип атып, Унгар-Тоону бергени чын болсо Темир Сариевдин башы кете турганын жарыялады.
“Унгар-тоону өкмөт өзбек тарапка берип салды деген маалымат жалган. Ал тоо талаш жерде жайгашкан. Талаш жерде жайгашкандан кийин ар кандай болот. Аны башка мамлекетке берип салгыдай Сариевдин эки башы бар бекен? Чынында эле берип салган болсо, башы кетет”, – деди президент.
Дегени менен, Өзбекстанды социалдык тармактары “Кыргызстандагы Унгар тепа бизники” деп жаза баштады. Ал эми, Өкмөттүн токтому боюнча Үңкүр-Тоо 2015-жылы 23-ноябрда Өзбекстан тарапка өтүп кеткендигин Аксы районунун жергиликтүү депутаттары маалымат берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ