Menu

Алмазбек Шаршеновичтин “ашмалтай” кадрлары

Бөлүшүү:

“Эски малдын көзүндөй”жалтыраган, эски кадрлардан куралган оппозиция жанданганы менен олуттуу аракеттер жок болуп жаткан. Бул жумада региондордо митингдер өтүп, бийликке коюлган суроо талаптар күчөдү. Ага чеийн өзүн-өзү билген Алмазбек Атамбаев башында турган бийлик “билген намазын окуп”, кадрдык маселенин “кашасы”биротоло чалынып калды.
Илмиянов жоголду ким көрдү?
“Илгери”… деп жомок башталган сыңары, бир аз мурда Кыргызстандын саясаты Икрам Илмияновдун аты менен башталчу. Президент өзү баш болуп эт чаап жүрүп, Президенттик администрациянын башчысынын орун басарлыгына келип, эпейип келип отуруп калган шоопурун мактоодон арданган жок. Бир учурда мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовго теңегенде, Кыргызстанды түптөп, эл үчүн жан берген арбагы улуу инсандар жаткан жайынан оодарылган. “Шоопурдун атын алыстан ук, жанына келсен бир киши” дегендей оозунан “лам” деп сөз чыкпаган Икрам Илмияновдун кызматтан кетиши Кыргызстан үчүн чоң окуя болуп, өзү дагы “эмгегимди эл баалаган жок” таризинде каадаланып маек берип, ошону менен карааны көрүнбөй калды. Албетте, Алмазбек Шаршеновичтин айланасындагы маанилүү иштердин “эки тизгин, бир чылбыр” дагы деле колунда экендиги белгилүү. Болгону, анда-санда экрандын бетин бербей, галстукту кадыресе байланып, каадаланган Алмазбек Шаршеновичтин кадры кайда экени табышмак.
Сегизбаев секирик…
“Ит өлгөн жерде аты аталган” Икрам Илмияновдун үнү угулбай турганы менен, Президенттин “бүткүл өлкөнү шоопурлаштыруу” саясаты ого бетер арбыган. Улуттук Коопсуздук кызматына аталган тармакта бир да күн иштебеген, Курманбек Салиевичтин “куйругу” аталган Абдил Сегизбаевдин дайындалышы менен №50-СИЗ(Эдогу кылмышкерлердин качуу опреациясы, УКМКнын имаратындагы өрт сыяктуу бир катар опурталдуу оюндар жүруп кетти. Абдил Сегизбаевдин мындай жооптуу кызматка болгон секириги Алмаз Шаршеновичтин кадрдык саясатындагы эң чоң каталарынын бири болгон эле. Эми болсо мурдагылар баскан кетменди тепсеп, “региондогу митингдерге 50, 100 адам катышты” деп кыжырданган элдин катарын көбөйтүүдө. Мындай жол менен жүрүп отурса, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы президенттердин таз кейпин кийишине, так ушул Абдил Сегизбаев себепчи болот. Муну өзү дагы, Президент дагы андаган жери жок.
Кулматовдон кутулуп, Албекке тутулуп…
Бишкек шаарын таштандыга толтуруп коюп, кызматтан кеткен Кубанычбек Кулматов ку­ру калбаптыр. Февраль айында Бишкек шаарынын мэри кызматынан өз арызы менен кетип жатып, бир канча убакытка чейин үй-бүлөөлүк маселелерине байланыштуу Кыргызстанда болбостугун, ушул себептен улам арыз жазганын айткан эле. Ага ишенип “ак жол” каалап отурсак, Президент ишембилик учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчисин алмаштыруу зарылдыгын кобурап, ал оозун жыйып алгыча, экс-мэр аталган орунга барып отуруп калбадыбы?
Ал эми Кубанычбек Кулматовдун ордуна келген Албек Ибраимовдун “сабаттуулугу” өзүнчө эле “санжырага” айланды. “Сабаты жерге кирсин, жер шыпырып турса болду” деп шуу үшкүрүп ага деле көнө баштаганбыз. Көрсө, жарыктык кишинин деңгээли бир топ эле ортозаар адам окшобойбу. Аялдардын майрамына карата филармонияда өткөн салтанаттуу иш-чарада “ушунча көп аялды көрүп сүрдөп жатам” деп
бетин баса калып, эл эсин жыйгыча колундагы куттуктоосун эжелеп окуганын көрүп“кадрың менен жерге кир” дедик. Кандай болгон кундө дагы Албек Ибраимовдун жээни Максат Кунакунов өтө оор кылмыш ишине (терроризм, экстремизм- ге байланышкан) кириптер бо­луп, камакта экенин эске алсак, анын аталган кызматта отурууга моралдык укугу жок эле. Ушуну Президент ойлобосо деле керек, болбосо “Албек, айланайын, алыңаа ченеп иш кыл, уят” дейт эле го? Ага караганда коркунучу жогураак Кубанычбек Кулматов, таштанды тазалабаса дагы кулдурап жүрө бермек.
“Ишенем” дей берип “ишенген төөлөрү” кепшеп бүттү”…
Президент УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына бир кездеги өзүнүн жан сакчысы Улан Исраиловду койгон. Буга чейин Уланбек Исраилов жогорку окуу жайын тогуз жылда араң бүткөн Икрам Илмияновдон бешбетер эмгек кагазы актай бойдон эле, Алмазбек Шаршеновичке жан сакчы болуп ээрчип жүргөн экен. Болгону 2013-2014-жылдары Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө чала- була жетекчи болуптур. Андан кийин Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгын бир аз жетектеген экен. Ошого карабастан Президент” Мен Улан Исраиловду жакшы билемин. Эч нерсе уурдабаган бала. Ошондуктан мындай кызматтарга таза адамдарды койбосок болбойт. Биз азыр күч органдарынын формасын даярдап жатабыз. Мен бул балага ишенем, таза иштеп берет”, – деди.
Ал гана эмес Алмазбек Атамбаев Исраиловдун 300-400 кишиден турган райондук ички иштер бөлүмдөрүн башкарып келгенин, демек 50-70 киши иштеген коррупцияга каршы күрөшүү кызматын оңой эле башкарат деп ишене турганын айтты. Эмне дейбиз, Президент Икрам Илмияновду Султан Ибраимов­го тенегенден кийин, Улан Ис­раилов тууралуу пикирине “ии” деп эле коелу.
Президенттин дагы бир жан сакчысы Болот Суйунбаев мурун Жаныш Бакиев башкарып, кийин аталышы өзгөргөн УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп келе жаткандыгы бел­гилүү. Ишеничтүү адамга айланган Болот Сүйүнбаев азырынча шефин уятка калтыра элек. Ал эми мурунку спецназ жана Атамбаевдин жансакчысы Эр­кин Мамбеталиев 3 адамдын өлүмүнө шектелип, кылмыш иши козголуп, а тугул өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок, 2010-жылдан кийин А. Атам­баевдин уруксаты менен эркин- дикке чыккан эле. Андан бери ажы болуп, бизнес жургузуп, ИИМге кез салып келе жатат. Президент аны деле бир кызматка кое салууну ойлоп “таза абийирим кетип калбасын” деп араң турса керек. Эмнеси болсо дагы “жаны таттуу” Президент­тин жансакчылары менен шоопурларына кор болгон Кыргыз­станда абал кыйындады. “Аз калды алтындарым” десе эле президентке ишенип, ашмал-тай кадрларын карап отургандан башка арга жок.
К.АСАНБЕКОВА
Булак: “Параграф”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: