Жалал-Абад областынын губернатору ким деген эле кишилер. Аталган областка караштуу Аксы аймагында чек ара маселеси боюнча ызы-чуу жаралып жатса областтын өкмөттөгү өкүлүнөн дайын жок.
Жумагул Эгембердиеваны көргүсү келген жергиликтүү тургундар областтык администрацияга барып да көрө алышпайт экен.Кооптуу аймакка, саясаттын очогу болгон жерге салмактуу эле адамды башчы кылышпайбы десең. Эртең Жалал-Абад областында бир нерсе болуп кетсе Жумагүлүңдү тебелеп эле кетишет го ыя? Жумагулдөн башка мыкты аялдар деле бар.
Мисалы, элге сөзү өтүмдүү, экономиканы чаккан, иштерман айым Айнура Осмонова деген бар. Аны област башына алып келсе эл менен эл болуп, бир топ маселе чечилмек эле. Атасы Шермамат Осмонов, агасы Бекмамат Осмоновдор элге мыкты кызмат көрсөтүшкөн. Айнура айым алардан кем калышпайт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ