Menu

Сабыр Муканбетов, журналист: “Биз фракциябыз, бийлик бөлүштүрөбүз” дегендер текши бийликтин алдына жатып бергенден кийин, алар менен эсептешпей койсо болот да”

Бөлүшүү:

2016-жылдын жазы. Парламенттик шайлоо жаңы бүтүп, президенттик шайлоого бир жарым жыл калды. Президенттик институтка музоо кездеринде сүздүруп алган беш “күн карама” фракциялар демин ичине катып, Алмазбек Атамбаевдин “кетет-кетет” болуп алсырай баштаарын күтүп, президенттик аламанга тымызын даярдыктарды көрүп баштады. Парламентке кирбей, сыртта калып, өпкөсү кара казан болуп аткан саясый топтор “төкөр өрдөк” синдромун эрте чакырып, бийликти ыктуу-ыксыз сындап, нааразычылык акцияларына үндөй баштаганы менен элден колдоо тапкан жок. “Эми ушуларга бийлик алып бериш үчүн дүргүйлүбү? Андан көрө убак-убагы менен, мыйзам чегинде эле бийлик алмашсын, стабилдүүлүктү сактайлы” дешүүдө.
Ич ара ыркы келише элек, толгон-токой уюмдар, саясатчылардан турган “көчө оппозициясынын” кылган иши, айткан сындары, жүрүм-турумдары, баскан жолдору көңүл толоорлук эмес болгондуктан, тынччылыкты колдогон пикирлер басымдуу болуп жаткандай. Көчөдө калган саясатчылардын негизги көпчүлүгү мурун-кийин мамлекеттик кызматта болуп, бюджеттик акырдан татканып калгандар. Алар канчалык патриоттук ураандарды чакырып, элдин жыргалчылыгы үчүн күрөшүүчүнүн образына кирсе да ишенбей жатышат. Анткени, акыркы 15 жылда элдин саясатчыларга (көчөдөгүлөрүнө да, бийликтегилерине да) болгон ишеними кескин төмөндөп кетти.
Радикалдуу чакырыктар менен бийликти тартып алууну көздөшөөрүн жашырышпаган Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров сыяктуу төңкөрүштү ачык көксөгөндөр, Адиль Турдукулов баштаган конструктивдүү ойлору бар жаштар, Равшан Жээнбековдун тегерегиндеги батышчылдар, Темирбек Асанбеков, Мукар Чолпонбаев, Кадыр Кошалиевдердин тегерегиндеги улутчулдар менен курултайчылар, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, оппозицияны тымызын колдоого алып жаткандыктары тууралуу айтылган Ахматбек Келдибеков, Нариман Тулеев, трайбалистер, регионалистер, спонсорлорун “оргазмга” жеткизип, гонорарды актоо үчүн 24 саат өмүрүн Атамбаевди боктогонго арнап таштаган бир-эки жаш журналистер ж.б.у.с. баары тең “Бульдозерсиз” иш болбосун түшүнгөнсүп, Азимбек Бекназаровду айланчыктап калышты.
“Биригели, бирикпесек максатка жете албайбыз” дегенди түшүнүшүп,  “Революциянын бульдозери” атанган Азикенин тегерегине топтолушканы менен иш жүзүндө бирине-бири ишене алышпай, “далыга бычак уруудан” шекшинип турушат. Ички ынтымактын чийки экендиги шашылыш чакырылган 22-марттагы Кербендеги митингде ачыкка чыкты. Жарым-жартылайы Аксыга жөнөсө, жарымы бул акцияны сынга алып, бириге элек жатып бытырап кеткендиктен, 24-мартка белгиленген Оштогу курултайды белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур болушту. Айрымдар, “кеч болсо да Өзбекстан чекти бузуп кирип келгенде ички ынтымак керек экенин түшүнүштү” дешсе, башкалары, “о-оо кайдан, чачырап, алсырап калгандан кийин Ошто тизилген 5000 милициядан сүрдөштү да” дешүүдө.
Сырттан жоо келгенде бир муштумга биригүү керектиги канында бар кыргыз ички чатакты ырбатканды жактырбаарын эске албаган оппозициянын жаңылыштыгы элге да жакпай, оппозицияны тең жарып, бөлүп салды. Эми булар кайрадан козголуп бириге алышабы? Же жазгы сезгенүү ушуну менен аяктап, күзгө чейин тынчыйбызбы? Же Ош шаардык кеңешинин шайлоосу адилетсиз өтүп, жаңы жаңжалдын себепкери болобу? Бул суроолорго али жооп жок.
Көчө оппозициясынын элдин колдоосуна ээ боло албай жатышы алардын бириге албай, ынтымакка келе албай жатканынан эле эмес. Алардын максаты, программасы элге жете элек, тагыраагы, элге жеткизе турган программасы тактала элек. Жок. Максаттары да ар башка. Бири төңкөрүштү көздөсө, экинчиси жөн эле эптеп кызмат алуу үчүн жүрсө кантип биригишет?  Экинчиден, бул уюшманы жетектей тургандардын негизги көпчүлүгүн эл билип, түңүлүп калган. Үчүнчүдөн, экономикалык абалга байланыштуу эл ичинде бийликке карата нааразычылыктар болгону менен, кутула жадап, “кубалаш керек” деген деңгээлге жете элек. Көпчүлүк “1,5 жыл мөөнөт калды, төңкөрүштөн пайда жок, шайлоо жолу менен кетебиз, стабилдүүлүк керек” деп турушат. Төртүнчүдөн, президентти тынымсыз, ыксыз каралап, мазактаган айрым журналисттердин жоругу да коомчулуктун кыжырын кайнатып, оппозициянын рейтингине доо кетирип, пайдасынан зыяны көп болуда. “Президенттин бетине түкүргөндөй ким эле? Атамбаевди сыйлабаса да Кыргыз Республикасынын президенти кызматын, президентти шайлаган элди сыйлабайбы, бу кайдан чыккан неме? Кандай Кудай аткыр ыя? Оппозициянын түрү ушубу?” дешип, тетирисинче, бийликке жан тарткандар арбып кетти. Бийликчил саясат талдоочулар күлүп, тамаша аралаш ошол оппозициячыл журналистерге ыраазычылык билдирүүнү сунуштап жатышат.
Бирок, ошентип, бириге албай жаткандарына карабастан оппозиция бийликтин тынчын алып, уйкусун бузду. Нерви жукарган бийлик башындагылардын шаштысы кетип, каталыктарды кетире баштады. Эл менен жолугушууларда Алмазбек Атамбаев да кеңешчилер жазып бергенден тышкары жеке ой жүгүртүүлөрүн ортого салып, “таш бараң сунуштай коем” деп, осол болуп, жаңылып, “анакатындай” асылып жаткандардын деңгээлине түшүп, оппозициянын чырагына май тамызып, элдин оозун ачырып, көңүлүнө суу септи. Ошол эле учурда президенттин жакын санаалаштары, партиялаштары да оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпай, колдобой туруп алышты. Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен бийликке жетип, маарыган  соратниктеринин ушундай кырдаалда колдоп чыкпаганы анын жалгыз экенин, накта командасы жок экенин далилдегендей эле болду.
Буга чейин баш көтөрө албай, алдында соймоңдогон фракция лидерлери да кырдаалды баамдап, көчө оппозициясына тымызын тилектеш болуп, шыкактаганга киришти. Абал оорлоп, президентке канчалык кыйынчылык келсе, алар да керектүү күчкө айланып, “жөлөк-таяк” болумуш этип, өзүлөрүнүн саясый амбицияларын канаттандырууну көздөп жатышат. Өмүрбек Текебаевдин Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровду күүлөп, оппозицияны күчөтүп жатканы оппозиция ичинде талкууланып, “Атамбаевдин  айласын кетирип туруп, спикерликти алууну көздөп жатат” деген сөздөр айтылды.
Кеп чынында, бийлик минтип, бекеринен мандраж болуп жаткан жок. Эл ичинде нааразычылык күчөй баштаганын сезип, берки президенттердин тагдыры көз алдыга тартылып жатса керек. Баалар өсүп, элдин турмуш деңгээли төмөндөп кетти. Оңдош кыйын. Жалаң жердешчилик, тааныштык, партиялаштык аркылуу топтолгон, кесипкөй эмес кадрлар менен каражат жок болсо, кантип оңдойсуң?
Ал үчүн, партиялык, тааныштык-досчулук кадр саясатты жыйыштырып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюу керек. Кекчилдикти таштап, таарынычтарды унутуп, оппозиция тарапка КСДПнын лидери катары эмес, кыргыз элинин президенти катары карашы керек! “Элим-жерим” деп күйгөн оппозицияда, оппозицияда болбосо да бийликте эмес патриот жарандарыбыз Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Субаналиев, Камчыбек Ташиев, Темирбек Асанбеков, Искендер Гаипкулов, Равшан Жээнбеков, Адиль Турдукулов баштаган жоон топ жаштарды кызматташууга тартса неге болбосун? Эки революцияда бирге болуп, ачуу-таттууну бирге көргөн Азимбек Бекназаров менен деле ачык сүйлөшүп, “кой-ай” десе түшүнөт эле да. Калгандары оппозиция боло берсин… “Биз фракциябыз, бийлик бөлүштүрөбүз” дегендер текши бийликтин алдына жатып бергенден кийин, алардын лидерлеринен башкалары менен эсептешпей койсо болот да. Жата берсин! Жуушап. Эл менен иштеш керек. “Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба” дегендей, эрегишип эле, элдин баарын каршы кыла бергенден ким пайда тапты эле? Эмне жетпей жатат? Тынчтаналы! Дүйнө каат болуп келе жатат!

Сабыр МУКАНБЕТОВ

Булак: “Азияньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: