Menu

Каныбек Осмоналиевден Алмаз Атамбаевге ачык кат

Бөлүшүү:

Урматтуу президент, Алмазбек Шаршенович!
Азыр биз ааламдаштыруунун натыйжасы болгон чоң чакырыктарга жооп берүүгө туура келген заманда жашап жатабыз. Кылымдардан бери калыптанып келген элдердин каада-салты, өзгөчөлүктөрү жалпыланып кеткени турат. Бул феноменге көп маани бербеген улуттар, этностор өзүлөрүнө гана мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрдөн айрылып калышты же айрылуунун алдында турушат. Муну кайтарып алууга мүмкүн эместигин карт тарых эчак эле далилдеп койгон. Ошол кубаттуу толкунга туруштук бере ала турган бир эле курал бар. Ал – мамлекеттин жарандарынын билимдүүлүгү, илимди баалагандыгы! Муну Сиз Президент катары жакшы түшүнөсүз. Мен бул касиетиңизди билем жана ишенем! Кыргыздар ал феноменди катуу баалап, эч бир улуттардан калышпай, кылымдар боюу жашап келишти. Мамлекеттигин сакташты. Айрыкча, бул касиет ХХ кылымда айгине болду. Мамлекетибиз СССРдин курамына кирип, ошол учурдагы алдыңкы илимий-техникалык прогресстин активдүү катышуучусу боло алды. Илимдин баардык тармактарын камтыган Республикалык илимдер Академиясын түздү, жогорку окуу жайлары илим изилдөө иштери боюнча өзүнүн татыктуу ордун таба алды. Илимдин авангарддык жетишкендиктерин жөнөкөй элге жеткирүү максатында массалык маалымат каражаттары кеңири пайдаланылды.  Айрыкча телевидение менен радио. Союздук “Знание” коому ( анын ичинде Кыргыз республикалык бөлүмү дагы) эң популярдуу болду жана элди караңгылыкка жакындатпай заманбап деңгээлде кармап турду. Алардын ичинен өзгөчө айырмаланган долбоорлор дагы болду.  Мисалы, профессор Сергей Петрович Капицанын “Очевидное и невероятное” аттуу телеберүүсү.
Тилекке каршы, Союз ыдырагандан кийин билим берүү жана илим саясаты солгундап кетти. Анын реалдуу себептерин жакшы билебиз жана түшүнөбүз. Бирок, Кыргызстандын интеллектуалдык көрөңгөсү дагы эле бийик экендиги көрүнүп турат!  Аны бийликтин баардык бутагын кадамдап басып өткөн инсан катары Сиз – Алмазбек Шаршенович жакшы билесиз. Илимдин аркасынан түшүп, башка баалуулуктарды элебеген окмуштууларыбыз аз да болсо бар. Эл аралык деңгэлде заманбап иштери менен таанылып турушат.
Калың эл катмарына, айрыкча жаштарга илимди даңазалоо, билим алууга чакырык берүү иши маанилүү экендигин эске алып, мен дагы колумдан келишинче алектенип келе жатам. 2012 жылдын апрель айында Сиз мени кабыл алганыңызда мен өзүм түзүп жана КТРК аркылуу ишке ашырылып келе жаткан “Илим жана турмуш” аттуу телеберүүм жөнүндө баяндап бердим эле. Сиз абдан жакшы кубаттап, колдооңузду билдирип дептериңизге жазып алгансыз. “Илим жана турмуш” теледолбоору 2012 жылдын 8 февралынан баштап, 2015 жылдын август айына чейин КТРК аркылуу жума сайын берилип турган (100дөн ашуун) жана коомчулук арасында өзүнүн аудиториясын таба алган. Кыргызстандын эң көрүнүктүү окмуштуулары жана алдыңкы мугалимдери телеберүүнүн каармандары болушкан. Бюджеттен бир тыйын дагы каражат алынган эмес. Өзүм бирөөдөн суранып, экинчисине жалдырап, ошол кездеги кесипкөй КТРКнын адистеринин жардамы менен телеберүүнү чыгарып келгемин! Бирок, ошондон бери, мына 8 ай болду, мага белгисиз себептер менен берүү токтоп калды. Илим  жана билим берүү коомчулугунун өкүлдөрүнүн суранып кайрылуусу жана КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин колдоо чечими дагы таасир бере албады! КТРКнын жетекчиси менен дагы жолугушуп сурандым. Эч кандай кесиптик жана сапаттык күнөө коюшкан жок. Макулдук берилип, бирок 8 айдан бери күттүрүп жатышат.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Мен Сизден – мамлекет башчысы катары, бул – элге жугумдуу болуп калган теледолбоорумду колдоп эфирге чыгарып берүү боюнча көмөгүңүздү суранам жана күтөм!
Сизди терең урматтаган,
“Илим жана турмуш” теледолбоорунун автору жана алып баруучусу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев.
 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: