Menu

«Матаевдин иши”: байланыш комитетинин башчысы эч жакка чыкпай турган болду

Бөлүшүү:

Коррупцияга каршы кызмат билдиргендей, маалыматтык саясатка бөлүнгөн мамлекеттик каражатты уурдоо жөнүндө ишти иликтөө уланууда.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул иш боюнча Казакстандын инвестициялар жана маалымат министрлигинин байланыш жана маалымат комитетинин азыркы төрагасы Талгат Казангап менен аталган комитеттин мурдагы төрагасы Болат Кальянбеков эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып беришкен.

Бул иш боюнча шектелип жаткандардын арасында Казакстандын Журналисттер союзунун төрагасы Сейтказы Матаев, КазТАГ агенттигин жетектеген анын уулу Асет Матаев, байланыш боюнча комитеттин мурдагы чиновниктери Болат Берсебаев, Бек Арпабаев жана «Казахтелеком” компаниясынын стратегиялык башкаруу боюнча башкы директору Батыр Маханбетажиев бар. Сейтказы Матаев ушул жылдын февралынан тартып үй камагында. Бүгүн Алматынын соту Асет Матаевди үй камагына алуу жөнүндө чечим чыгарды. Ушундай эле баш коргоо чарасы Берсебаевге, Арпабаевге жана Маханбетажиевге карата колдонулду. Булар маалыматтык-жарнамалык материалдарды жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн каражаттарды уурдаган деп шектелүүдө.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар – Журналисттерди коргоо боюнча комитет (CPJ) менен Article 19 Сейтказы Матаевдин куугунтуктоого алынышына кабатырлангандыгын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: