Menu

Каржы министрлиги каалаганын жасайт

Бөлүшүү:

Азыркы Кыргызстандын абалына окемдер айтмакчы, “Пир во время чумы” деп баа берсек куп гана жарашып калчудай. Анткени бирөөлөр кара курсагын тойгуза албай жүрсө, башкалар кечүүгө кечүү таппай, чалчактап жаткан кербези.

Бирок ушул көрүнүш бүтүндөй мамлекеттик органдарга, болгондо да килейген министрликтерге мүнөздүү көрүнүш экендигин укканда заманаң куурулуп, бизде мамлекет эмес эле жегичтердин тобу башкарабы деген ой аргасыздан эсиңе келет экен. Ушул жумада каржы министрлигиндеги мамлекеттин акчасын өз чөнтөгүндөгү бекер пулдай чачкан жагдайды  Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев (“Республика – Ата Журт”) билдирди. Көрсө, бул министрлик мурдагы жылдары кызматкерлеринин түштөнүүсүнө 15 млн. сом короткону азыраак көрүнгөнсүп, кечээ эле 230 миң сомго сууда сүзүү (бассейн) кызматын сатып алууга тендер жарыялаптыр. Анда, жылдык абонемент 15 адамга же 113 жолу барууга эсептелген. Финмин бассейндин узундугу 25 метрден, ал эми тереңдиги 5 метрден кем болбошун көрсөткөн. Ошондой эле, “ачык асман астында парилкасы сөзсүз болушу керек” деген талап болгон. Аталган жыйында министр А.Касымалиев ушундай тендер жарыялаган кызматкерлерге сөгүш бергенин, өзү кабары болбогондугун айтып актанды. Мына сага тамаша.

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: