Menu

Алмаз Атамбаевге кайрылуу: “Кубан Кадыров Балыкчы элин түп көтөрүп, сизди колдогон…”

Бөлүшүү:

Балыкчы шаарынын тургундарынын жана 7-апрель революциясынын баатырларынан атынан
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу  Алмаз Шаршенович! 
Биз Сизге кайрылып жатканыбыздын себеби, акыркы “Улуттук оппозициялык кыймылдын” лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнест Карыбековтордун камалышына, Балыкчы шаарынын тургундары бушайман болуп, кабатыр болуп жатабыз. Себеби бул саясатчылар чынында азыр Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаалды, электр энергиясына болгон кымбаттоолорду, чек ара маселелери жана башка карапайым элдердин көйгөйлөрүн айтып чыгышканы үчүн камалып жатышат. Демократиялык мамлекет болгондон кийин, ар бир жаран өз оюн айтууга мыйзам жол бере турганын Сиз бизден жакшы билесиз. Анан бир аудио жазууну чыгара коюшуп, далили жок эле камап койгондору туура эмес деп эсептейбиз. Оппозициянын табияты – мыйзам чегинде бийликке жетүү, бул мыйзам чегиндеги көрүнүш, Сиз деле оппозицияда жүргөн учурда “президент болуп калсам, эл үчүн иштеп берем” деп, элге ачык айтып жүрчүсүз.  Кандай гана мамлекет болбосун оппозиция болгону, бийликке дагы, карапайым элге дагы пайдалуу деп эсептейбиз. Сиз дагы кандуу бакиевдер режимин сындап келгенсиз, ошондо 2009-жылы так ушу балыкчылыктар Сиздин таламыңызды биринчилерден болуп талашып чыгып, аягы мыйзамсыз карапайым элдер камалышып, ур-токмокко алынышып, мыйзамсыз  соттолуп кеткендерин жакшы билесиз. Ошондо СДПК партиясынан депутат Кубанычбек Кадыров Балыкчы элин түп көтөрүп, алдыда туруп Сизди колдоп келгенин жакшы билесиз. Кадыров чынында элдик жигит, аны элдер колдоп жатышат.
Жогорудагылардын негизинде,  Кубаныч Кадыровко жана башка оппозициячыл саясатчыларга саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз. Арты жакшылык менен бутпөйт, баарыбызга Акаев, Бакиев бийлиги сабак болушу керек.
Касымов Б., 7-апрель революциясынын баатыры, Балыкчы бириккен кыймылынын төрагасы;
Мусаев К.А.,  7-апрель революциясынын баатыры
Кыдырмышева З.А., Саткыналиева Ч.М., Джазыппекова Б., Апсаматова Г.Б.,
Сыдыков А., Арыкова М.Ж., Апсаматов Б., Апсаматов У., Касенова З.,
Жунушев Т., Маданбекова Г., Бобуев Т., Телемышева ж.б.  
 
Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: